Омбудсмен Данияр Нарымбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурады

0
Акыйкатчы Токон Мамытов башкы прокурорго жана сот органдарына кайрылып, Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев саламаттыгына байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагынан Бишкектеги "Бикард" жеке клиникасына которулган.

Адвокаты Таалайгүл Токтакунова коронавирус Нарымбаевдин башка дагы ооруларын козгоп, учурда жүрөгү ооруп жатканын, абалы оор экенин айткан. Аны жеке клиникадан мамлекеттик оорукананын "кызыл зонасына" которуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

УКМК Нарымбаевге “Кумтөр ишине” байланыштуу “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16912