Кубанычтын көз жашы! Мээрим Жуманазарованы президент куттуктады. Видео

0

Президент Садыр Жапаров эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарованы Токио Олимпиадасында коло медалга ээ болушу менен куттуктады.

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев сүйлөшүү учурунун видеосун Facebook баракчасына жүктөдү. Андан Жуманазаровага ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.

Мамлекет башчысы кыргыз элинин жана өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16905