Аскар Акаевди Кыргызстандагы абамайдандан суракка алып кетишти

0

Аскар Акаев Кыргызстанга келди, абамайдандан суракка алып кетишти Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Бишкекке келгенин УКМК билдирди. Буга чейин "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Аскар Акаевге издөө жарыяланган болчу. УКМК билдиргендей, Акаев башка бир катар аткаминерлердин катарында "Кумтөр" долбоору боюнча 1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдө жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен келишим түзгөндө Кыргызстандын кызыкчылыгын сактабагандыгы үчүн айыпталган. Убүлуттук коопсуздук кызматы көргөн чаралардын негизинде бүгүн Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди. Ошол замат Мекемелер аралык тергөө тобуна тапшырылды. Учурда мурдагы президент УКМКнын имаратында, анын катышуусунда бир катар тергөө амалдары жүргүзүлөт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16859