Бүгүн, 2-августта Аскар Акаев уулу Илим менен Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу Kaktus.media жазып чыкты.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев 2005-жылы өлкөдөн чыгып кеткенден бери Кыргызстанга келген эмес. Илим Акаев Бишкекке бир нече жолу келип кеткен. 2014-жылы Аскар Акаевдин агасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына да келген.