Министр Акылбек Жапаров жөнүндө иликтөө жарыяланды

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун жакындарынын байлыгы жөнүндө иликтөө жарыяланды.

Temirov LIVE ютуб каналынын журналисттери Жапаровдун жакындарынын Мальтадагы оффшор компаниянын ээси менен байланышы бар деп баяндаган.

Учурда Жапаровдон иликтөө боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Ал 1-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалган.

Жапаров Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси. "Кумтөр голд" компаниясына тыштан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамдын авторлорунун бири.

Акылбек Жапаров 56 жашта. Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болгон. 2005-2007–жылдары экономика жана каржы министри, 2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министри, 2009-2010-жылдарда биринчи вице-премьер министр, 2011-2012- жылдары каржы министри болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15792