Бишкектин экс-вице мэри мыйзамсыз байыган

0

Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаарынын мэриясында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө жеке курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерди берип камсыздоодо мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Такталгандай, Бишкек шаарынын жетекчи кызматында иштеген мурдагы мэри «А.У.Ш.» жана анын структуралык бөлүмдөрү, кызматтык абалдарынан пайдаланышып, мыйзамсыз баюу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында, муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, ыйгарым укуктарга ээ болгондуктан, өзүнө караштуу чарбалык субъектилердин өкүлдөрүнө көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат беришкендиги аныкталды.

Билдирилген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «А.У.Ш.» жакын туугандарына, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси, 11 кызматтык жайлар жана 4 турак жай, 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай, Ысык-Көл облусунда 2 коттедж, жана ошондой эле 5 представителдик класстагы унааларды өзүнө тиешелүү адамдарга каттаткан.

Натыйжада, “А.У.Ш.” жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, 100 миллион сомдон ашык бааланган.
Учурда кылмыш иши боюнча мыйзамсыз алынган мүлктөрдүн бардык тизмесин аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15396