Ош шаарынын тургунун сабап, денесине жаракат келтирген шектүүлөр кармалды

0

2021-жылдын 6-июнь күнү Ош шаарынын нөөмөт бөлүмүнө шаардык оорукананын дарыгеринен билдирүү келип түшкөн, себеби Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургунун белгисиз төрт бала тарабынан сабалып, денесине жарат келтиргендигин кабарлаган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, жабыркаган А.Уга алгачкы иликтөө жана сурак иштерин жүргүзгөн учурда белгисиз төрт бала сабап, белгисиз травматикалык курал менен денесине жарат келтиргенин айткан.
Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталган жана сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүү жарандарга ыкчам издөө иштерин күчөтүү тапшырмасы коюлган.
Жүргүзүлгөн оперативтик иш-чаралардын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ош облусунун 2002-жылы туулган Ю.Р жана 2005-жылы туулган И.Б, Х.Хлар кармалды.
2002-жылы туулган Ю.Х нын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камак түрү тандалып алынды жана эки шектүүгө жаш курагы эске алынып үй камак түрү тандалган.
Азыркы учурда, аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча окуянын жагдайларын толук, обьективтүү жана ар тараптуу изилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат.
Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15395