38 аял алган адам каза болду

0

Дүйнөнүн эң көп балалуу үй-бүлөсүнүн атасы деп эсептелген Зиано Чана Индиянын Мизорам шаарында 76 жаш курагында көз жумду.

Көп аял алууга чектөө коюлбаган диний сектанын башчысы катары таанылган Чананын 38 аялы, 89 баласы жана 36 небереси болгон.

Мизорам штатынын премьер-министри Зорамтанга анын өлгөндүгү тууралуу кабарды тастыктап, Твиттер аркылуу Чананын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

 

Чананын кант диабети жана гипертония менен ооругандыгы белгиленди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15387