Жашоого үмүт тартуулаган адам- Джо Джонг Вон

0

“Визион К” компаниясынын президенти, Корея мамлекетинин жараны, бир нече жылдан бери Кыргызстанда жашап, бизнестен тышкары кайрымдуулук иш менен алектенип келе жаткан Джо Джонг Вон мырза менен болгон кызыктуу жана башкаларга үлгү болуучу маекти тартуулайбыз.

- Саламатсызбы, Джо Джонг Вон мырза. Сиз Кыргызстанда жашаган 11 жыл ичинде өзүңүз жетектеген “Визион К” компаниясы, консалтингдик багыттагы иштериңиз менен катар кайрымдуулук менен да алектенип жүргөнүңүз тууралуу кабардарбыз.

-Саламатсыздарбы. Биринчиден менин ишмердүүлүгүм, кайрымдуулук иштерим тууралуу чагылдырып жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Мен Кыргызстанда 2010-жылдын январь айынан тартып туруктуу жашап келе жатам жана бул өлкөгө болгон сүйүүм өзгөчө. Бизнес менен алектенүүдөн сырткары кайрымдуулук ишин да жүргүзүп келем.Мындан бир нече жыл мурун мага жүрөктүн тубаса кемтиги оорусу менен жабыркаган Перизаттын деген 4 жашар кыздын апасы жардам сурап келиптир. Ага чейин Кореянын эң алдыңкы ооруканаларынын бири болуп саналган Инчон шаарындагы “Гиль” ооруканасында жаш балдарга бекер операция жасаган программасы бар экенинен кабарым бар эле. Перизаттын апасынын өтүнүчүн четке кага албай Кыргызстанды да ошол программага кошуусун суранып “Гиль” ооруканасына кайрылдым. Жарым жылдан кийин “Гиль” ооруканасы макулдугун берип, бардык чыгымдарды Гиль ооруканасы жана менин Кореядагы партнерлорум өз мойнубузга алып, биринчи жолу Кореяга Перизатты жана жүрөктүн тубаса кемтиги оорусунан жабыркаган Анас аттуу баланы Кореяга операцияга алып барып келдим. Операция ийгиликтүү өтүп ошол кездеги эки наристе азыр бактылуу өспүрүмдөр. Перизат азыр 15 жашта, ал эми Анас быйыл 11ге толду. Ошондон тартып жылына жүрөктүн тубаса кемтиги менен ооруган кыргызстандык 5-6 баланы Кореяга операцияга алып барып келип турам. Андан бери туптуура 58 балага Кореяда бекер операция жасалышына себепчи болдум деп сыймыктануу менен айта алам!

- Ушул тапта Бишкек шаарында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана трансплантация илим изилдөө институтунда 9 наристеге жүрөктүн тубаса кемтигине жасалып жаткан операциялар тууралуу айтып берсеңиз.

- Быйылкы жылы Covid 19 га байланыштуу күз айларына болжонгон жылдагыдай операцияларга балдарды алып бара алган жокбуз, ошондуктан операциялар Кореяда эмес, Бишкекте жасалууда. Статистикага ылайык,

Кыргызстанда жыл сайын тубаса жүрөк оорусу менен 500-650 бала төрөлөт. Ар кандай шартка байланыштуу алардын 10% на гана операция жасалып, ден-соолукта, бактылуу жашоого мумкүнчүлүк алышат. Жүрөк оорусу менен ооруган балдардын 50% га жакыны бир жашка толуп толбой чарчап калганы чындык. Азыр тандалып алынган 9 баланын 8 не операция жасалды, калган 1 балага да жакын арада операция жасалат. Бул программа Кореядагы “Армия спасения” уюму жана Кыргызстандын “Кызыл жарым ай” коомунун колдоосу менен ишке ашып жатат. Операция жасалуучу балдарды тандап алуунун негизги талабы бул, алыскы аймактарда жашаган жана социалдык жактан шарты оор үй-бүлөлөрдон болушу керек.

- Сиздин ишиниздин багыты бул Кыргызстанга Кореядан инвестиция алып келуу болуп саналат эмеспи. Бул багытта кандай иштер жасалды?

-Туура айтасыз,менин негизги максатым Кыргызстанга инвестиция тартып келүү. Анткени Кыргызстанда жашаган 10 жыл ичинде мен бул өлкөнүн элин, жаратылышын жан дилим менен сүйүп калдым. Кыргызстандын кооз жаратылышы, таза абасы чет элдик туристерди өзүнө тартып турат. Ошол себептен туризм багытына да көңүл буруп, корей жана кыргыз өнөктөштөрүм менен биргеликте быйыл Ысык-Көл областында жайгашкан Барскоон капчыгайында “Мовилла” эс алуу жайын куруп ишке киргиздик. Аталган долбоор Кореяда ири логистика жана туризм багытында таанымал “ЮЛП” компаниясы менен биргеликте түзүлгөн “ЮЛП Визион К” компаниясына тиешелүү. Мындай эс алуучу жайлар Ысык-Көлдүн тегерегинде эле жалпысынан 20 дан ашык курулуусу пландалууда. Мовиллада жылдын 4 мезгилинде тең Кыргызстандыктар гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келе турган туристтерди тосууга бардык шарттар түзүлгөн. Алыскы райондорго мындай жайлардын курулушу жергиликтүү жашоочуларды иш менен камсыз кылып, инфраструктуранын өнүгүүсүнө шарт түзөт деп ойлойм. Кыргызстандай керемет жерди дүйнөнүн бардыгы тааныса дейм. Андан сырткары атайын туристтер жана потенциалдык инвесторлор үчүн корей тилинде “Мен Кыргызстанды сүйөм” деп аталган китеп жазып жатам.

- И.Раззаков атындагы КМТУда сиздин колдооңуз менен ачылган Фаблаб Бишкек лабораториясы бар. Лабораториянын өзгөчөлүгү эмнеде жана кандайча ишке ашты?

- ФабЛаб Бишкек долбоору И.Раззаков атындагы Мамлекеттик техникалык университетинде 2019-жылдын март айында ишке кирген. Бул долбоор SIFO- (Сеул эл аралык достук уюму), TIDE институту жана Корея республикасынын Кыргызстандагы KOICA агенттигинин финансылык колдоосу аркылуу иш жүзүнө ашкан. ФабЛаб Бишкек - бул бардык каалоочуларга инновациялык идеялардын прототиптери болгон обьектерди 3D принтерлер, лазер кескичтер, винил кескичтер, фрезердик станоктордун жана башка санариптик станоктордун жардамы менен жаратууга мүмкүнчүлүк берген уникалдуу жай. Прототиптердин мыктыларын стартаптарга негиз катары колдонсо болот. Долбоорду ишке ашыруу программасы университеттин мугалимдерин, менеджерлерин, студенттерин жана бардык башка каалоочуларды окутууну, ар кандай иш-чараларды, мисалы, ишкерлер жарманкесин, ошондой эле майыптар үчүн протез жасоочу семинарларды өткөрүүнү карайт. 2019-жылы кеңсе түзүлүп, санариптик өндүрүш жабдуулары орнотулгандан кийин университеттин окутуучулары атайын даярдоодон өткөн. Бул окутуучулар өз кезегинде студенттерди жана бардык каалоочуларды өндүрүш лабораториясында санариптик өндүрүү боюнча окутушат. Санариптик өндүрүү боюнча билим алууну каалаган бардык адамдарга ар дайым эшик ачык.

Мен ар дайым билимге умтулган жаштарды колдоп, заманбап билим алуусуна салым кошкум келет. Ошол себептен Кыргызстандык 5 студентке Кореянын жогорку окуу жайларынан билим алуусуна шарт түзүп бергем.

- Келечекте дагы кандай иштерди жасасам деген ниетиңиз бар?

- Өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында Кыргызстанда заманбап логистикалык борбор курууну өкмөткө сунуштоону ойлонуп жатам. Андай борбордо тез бузулуп кетүүчү продукцияны сактоого ыңгайлуу болгон муздатуучу камералар, кампалар болот. Экспортко чыгарууда продукциянын бузулбашы үчүн муздаткыч вагондор каралган. Мындан сырткары Кыргызстандын аймагында корей товарларын өндүрүүгө ылайыктуу корей промзонасы курулса деген ойдомун. Буйруса бардыгы ишке ашат деген ишенимдемин жана Кыргыз-Корея өлкөлөрүнүн достугу, кызматташтыгы үчүн болгон аракетимди жумшай бермекчимин.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Сиз жасап жаткан иштер ар бирибиз үчүн чоң сабак жана сыймыктанчу нерсе экенин айткым келет. Бар болуңуз!

Сыйлыктары:

-Тубаса жүрөк кемтиги менен туулган балдарды дарылоого кошкон салымы үчүн 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикеринин ыраазычылык каты;

- Тубаса жүрөк кемтиги менен туулган балдарды дарылоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгиси;

- Кыргызстан жана Корея мамлекеттеринин достугун бекемдөөгө, гуманизм идеяларынын ишке ашырууга кошкон салымы жана активдүү коомдук иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/13979