РКѲФ коронавирус менен алп урушуп жаткан ишканаларды колдоочу жаңы жеңилдетилген насыя берет

0

Кыргызстандагы айрым ишканалар коронавирус менен күрѳшүү максатында ѳз ишмердүүүгүн алмаштырды. Кыска мѳѳнѳттүн ичинде Россия-Кыргыз ѳнүгүү фондусу ушундай ѳндүрүүчүлѳр үчүн атайын жеңилдетилген насыя иштеп чыкты.

Аны ишке ашыруу үчүн фонду 3 миллион АКШ долларын бѳлүп берүүнү чечти. Каражат 1-октябрга чейин иштетилет деп божомолонду, бирок фонду анын мѳѳнѳтүн узартышы мүмкүн, ал ѳлкѳдѳгү эпидемиологиялык жагдайга жараша болот.

Учурда фонду фармацевтика жана тигүү ишканалары үчүн үч насыяны жактырды. Жеңилдетилген каржылоону алар жеке коргонуу каражаттары (бет кап, респиратор, коргоочу кийим, кол кап, бут кап жана башкалар), дары-дармек жана шаймандар үчүн пайдаланат. Мындан тышкары медициналык куралдарды жасоо же оңдоо үчүн керектүү кошумча тетиктерди да сатып алат.

Жеңилдетилген насыяны биринчилерден болуп «Идеал-Фарм» компаниясы алды. Ишкананын башкы жетекчиси Элмира Шивазанын айтымында, насыя каражатына медцина спиртин, антисептик жана парфюмер-кометикалык суюктук жасоого керектүү болгон кошумча тетик-шаймандар алынат.

«Биз аны чакан партия менен – бир контейнерден Кытайдан сатып алабыз. Анан сатылса, кошумча табыштама берип, сатып алабыз. Пандемия убагында чек ара капысынан жабылып калат экен, ошондуктан ѳндүрүш токтоп калбашы үчүн кѳрѳңгѳ керек», – деп, компаниянын болочок пландарын айтып берди Элмира Шиваза.

«Идеал-Фарм» себилдегич кѳрѳңгѳсүн жаңы жылга жеткидей кылып сатып алмакчы – бул болжолу менен 6 млн пластик капкакча. Компания ѳз ѳндүрүшү үчүн Россия же Кыргызстанда чыгарылбаган кѳрѳңгѳнү сатып алат.

Жеке коргонуу каражаттарын жасоо үчүн «Айко Сейко» ЖЧКсы немис жана япондук коопсуз жабдууларын сатып алат. Ишкана жетекчиси Куван Жусуевдин айтымында, РКѲФ берген жеңилдетилген насыяга ѳндүрүш аянты кеңейтилип, кызматкерлердин саны кѳбѳйтүлдү.  

«РКѲФ берген насыянын шарттары ыңгайлуу. Насыяны бизге узак мѳѳнѳткѳ беришти, пайыздык үстѳгү да тѳмѳн. Келечекте биз ушундай ишканаларды ѳлкѳнүн баардык аймактарында ачып, фонду болсо бул башатыбызда биздин негизги ѳнѳгүбүз болмокчу», – деп келечек пландары менен бѳлүштү Жусуев.

«Биовит» ЖЧКсынын жетекчиси Табышбек Орозалиевдин маалыматы боюнча, Россия-Кыргыз ѳнүгүү фондунун насыясы ремантадин, азитромицин жана арбидол сыяктуу вируска каршы дары-дармектерин чыгарууга жардам берет. Бул дары-дармектер коронавирусту дарылоодо пайдаланылат.

«Биздин фармзавод 2000-жылдан бери иштейт. Учурда биз дары-дармектин 74 түрүн чыгарабыз. РКѲФ берген насыянын жардамы менен биз жаңы дары-дармектерин жасай баштайбыз. Ишибизди баштоо үчүн биз керектүү активдүү заттардын келишин күтүп жатабыз», – дейт Орозалиев.

Россия-Кыргыз ѳнүгүү фондунун насыя жана инвестициялык ишмердүүлүк департаментинин жетекчи милдетин аткаруучу Нурбек Абдымамбетовдун айтымында, ишкерлер фонду аркылуу же ѳнѳктѳш банктар аркылуу каржылана алат. Негизги шарт – ишкана бир жылдан кем эмес иштеши керек. Эң аз сумма – 100 миң АКШ доллары же анын улуттук валютадагы эквиваленти. Насыя эки жылга жана алты айлык жеңилдетилген мѳѳнѳткѳ берилет.

«Жаңы насыянын негизги артыкчылыгы – пайыздык тѳлѳм. АКШ доллар менен алгандарга жылына 2%, ал эми улуттук валютада алгандарга 6% менен берилет. Мындай шарттар инвестициялык долбоорлордо да жок, ал жерде пайыздык туум АКШ доллары менен алгандарга 4%, улуттук валютада алгандарга 8%дан башталат», – дейт Абдымамбетов.

Мындан тышкары жеңилдетилген насыяны алуу үчүн 100% күрѳѳнү камсыздоонун кажети жок. Болгону күрѳѳнүн 50 пайызын гана жабуу керек. Бул тобокелдер ишкананын каржылык туруктуулугу аркылуу азаят, ошондуктан кардар тажрыйбалуу болуп, жасаган каражаттарын жеткизип, сата турган базасынын болушу маанилүү.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/13456