Пробация институтунун алгачкы кадамдарына эл аралык тажрыйбанын жардамы

0

Кыргыз Республикасынын пробация жөнүндөгү мыйзамы 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. КР Юстиция министрлигинин алдында Пробация департаменти түзүлүп, иштей баштады. Укук коргоо системасындагы жаңы түзүлгөн институттун иштеп кетүүсү үчүн мамлекет да, эл аралык донорлор да ар тараптуу жардам берип келе жатышат.

2020-жылдын 30-31-январында Бишкекте соттолгондорду классификациялоо боюнча семинар өткөрүлдү. Анын ишине КР Юстиция министрлигиндеги Пробация департаментинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер катышты. Биз учурдан пайдаланып, Улуу Британиядан келген эксперт Питер Беннет жана Канададан келген эксперт-психолог Андреа Мозер айым менен ушул темада маек курдук.

- Питер мырза, сиздин Кыргызстанга келишиңизге эмне себеп болду? Ошондой эле өз ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

- Мен отуз жылга жакын Улуу Британияда түрмөлөрдүн жетекчиси болуп иштедим. Акыркы тогуз жылдан бери дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жаза аткаруу системасына жардам берүү максатында иштеп келе жатам. Так айтканда зордук-зомбулук боюнча соттолуп, жазасын алып жаткан кылмышкерлерди радикализм багытынан ажыратуу (дерадикализация) багытында иш алып барам. Кытайда, Филиппиндерде, Ливия, Түштүк Америка өлкөлөрүндө иштеген тажрыйбам бар. БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы мени Казакстан, Кыргызстан, Уганда сыяктуу өлкөлөргө тажрыйба бөлүшүүгө чакырды. Биз бул жерде соттолгондордун тобокелчиликтерине баа берип, түрмөдө отурган адамдарды классификациялайбыз.

- Кыргызстандык кесиптештериңиздин бул багытта иштери кандай жүрүп жаткан экен?

- Кыргызстанга келгеним аз эле болгонуна карабастан мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлердин көптөгөн презентацияларын көрдүк. Кызматкерлер бир топ иштерди аткарып, так айтканда кылмышкерлерди баалай турган инструменттер иштелип чыгып, алар пилоттук иш катары тестирлөөдөн өтүп жатыптыр. Инструменттердин иштелип чыкканы жакшы, эми аларды ишке киргизүү керек. Себеби бул инструментти ишке киргизүү абдан маанилүү. Ошондой эле түрмөдөгү ар кандай категориядагы кылмышкерлердин тобокелчиликтерин түшүнө билүү зарыл. Биз аларды реабилитациялоонун жолдорун таап, жардам беришибиз керек. Биз теоретикалык нерселерди эмес, түрмөдө иштеген кызматкерлер колдоно ала турган практикалык иштер тууралуу айтып жатабыз.

Кыргызстандагы жаза аткаруу мекемелеринде тажрыйбалуу психологдор, педагогдор, социалдык кызматкерлер иштеп жатышкан экен, алар бул инструментти колдоно алышат деп ойлойм. Эң башкысы, кылмышкерлерди радикализмден ажыратуу үчүн эффективдүү системаны иштеп чыгуу зарыл. Бул иштелип чыккан система пробация институту үчүн да абдан керектүү. Юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаменти ушу кезге чейинки тажрыйбаларын колдонуп инструментти ишке ашыра беришсе болот.

- Улуу Британияда кылмышкерлерди градацияга бөлүү барбы? Мисалы, экстремисттик адабияттарды сактаган, тараткан адамдар кылмыш кылгандар болуп эсептелеби?

- Ал кандай материалдар экенин дыкат карап чыгыш керек. Эгер мисалы, жардыруучу затты өз алдынча жасоо боюнча адабият болсо, биз буга абдан тынчсызданабыз. Балким экстремизмге шектелген адамдар өздөрүнчө кандайдыр бир террористтик иштерди талкуулашы мүмкүн. Бирок биздин системанын эң башкы айырмасы, адамдын жөн эле жекече көз карашы барбы же анын аракетинде зомбулуктун элементтери барбы, кандайдыр бир ишти зордук-зомбулук менен ишке ашырганы жатабы, ушуну айырмалай билүү маанилүү. Мисалы, зомбулукту каржылап жатабы, же дагы бир башка аракети менен адамды зомбулукка түртүп жатабы, булардын баарына туура баа бере билиш керек. Эгер адам башкаларга карата зордук-зомбулук жасаса гана кылмышкер катары эсептелет. Эгер адамдын башкалардан айырмаланган көз карашы болсо, ал бул дүйнө тууралуу башкаларга зыянын тийгизбей, каалаганын ойлоого акысы бар. Качан гана ал чектен өтүп мыйзам бузуп, зомбулук жасай баштаса биз ага карата чара көрөбүз.

- Сиздер экстремизм менен кандай иш алып барасыздар, ошол тууралуу айтып берсеңиз?

- Эгерде адам экстремизм үчүн жоопко тартылып түрмөдө отурса, ага карабастан экстремисттик адабияттарды окуй берүүсүн улантса, мындай көрүнүшкө абдан тынчсызданабыз. Анын кандай коркунучту, тобокелчиликтерди чакырып жаткандыгына кайра баа берип чыгабыз.

- А сиздерде экстремисттик адабияттар кимдир бирөөдөн табылгандыгы үчүн эле аны жазалашабы, же кандай?

- Эгер адам ошондой адабияттарды окуса, ал үчүн түрмөгө түшпөйт. Бирок коопсуздук кызматы, укук коргоо органдары тарабынан ага такай көзөмөл жүргүзүлүп турат. Эгер ал мыйзам бузса, анда ал сөзсүз жооп берет. Негизинен андай кылмышкерге деле жалпы кылмышкерлерге карата жасала тургандай иш-аракеттер көрүлөт. Мисалы, анын билими жок болсо ага билим берилет, же кандайдыр бир жумуш жасоого көндүмдөр үйрөтүлөт. Балким анын психикалык ден соолугунда мандемдер болсо аны менен психологдор иштешет. Бирок зордук-зомбулук экстремизми менен кесилген кылмышкерлер үчүн кошумча программалар болушу керек. Ушундай категориядагы кылмышкерлерге ылайыкташкан атайын иш-чаралар аткарылат. Мындай программалар атайын психологдор тарабынан иштелип, андай кылмышкерлердин ишеними, көз карашы, аны ошондой кадамга түрткөн жагдайлары боюнча иштер жүргүзүлөт. Мындай иштерге диний чөйрөнүн өкүлдөрү, имамдар тартылат. Имамдар мындай ишти бир топ же бир адам менен алып барышып, Куранда же башка ыйык жазууларды туура түшүнүү, кабылдоо боюнча иштерди жүргүзүшөт.

- Сиздин тажрыйбада экстремисттик көз караштагы адам өзүнүн көз карашын өзгөртүп, катардагы адамдардай жашоого түшкөн учурлар болду беле?

- Андай көз караштагы адамдар абдан ар түрдүү болушат. Көп учурда алардын мындай көз караштары, ишенимдери абдан терең болгондуктан, өзгөртүү оңойго турбайт. Себеби көз караштар ар кандай, алардын тереңдиги да ар башкача. Кээ бир кылмышкерлердин тобу өз кылмыштарын жашыруу үчүн ушундай көз караштарга жамынып алышат. Биз алар менен түрмөгө түшкөн биринчи күндөн, бошоп кете турган акыркы күнгө чейин иштешебиз. Айрымдарынын көз карашы өзгөрүп, же дагы бирөөлөрүнүн экстремисттик көз караштары мурдагыдай терең болбой калышы мүмкүн.

- Сиздин айткандарыңызга караганда, экстремисттик көз караштагы адамдар дин тутунган адамдар экен да?

- Улуу Британияда терроризмдин бир түрү исламдык терроризм, мындайда имамдар дагы башка тиешелүү кызматтар иш алып барышат. Мындан тышкары Улуу Британияда Түндүк Ирландия менен абдан чоң маселе бар экендигин билсеңиз керек. Убагында биякта абдан көп террористтик актылар жасалган, бул жакта католик дини өкүм сүрөт, мындай учурда албетте католик дининин адамдары иш алып барышат. Ал жакта саясый терроризм да бар.

- Сиздин оюңузча, Кыргызстандагы экстремизмдин табияты кандай?

- Мен Кыргызстанга келгениме аз эле убакыт болду. Бул жакта экстремисттик иштер боюнча башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбалары айтылып жатат. Кыргызстан ошондой алдыңкы тажрыйбаларды өзүнө ылайыктап, кабыл алса болот. Бирок экстремизм глобалдык маселе.

- Эми Андреа айымга кезек берсек. Андреа, сиз Кыргызстанга кандай багытта жардам берип жатасыз?

- Мен БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын линиясы боюнча долбоорлордо иш алып барам. Бул иш кылмышкерлердин классификациясын жана тобокелчиликтерин аныктоого багытталган. Тунис, Уганда, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө БУУнун Жогорку комиссары үчүн атайын колдонмо иштеп чыктым. Мен Казакстанда иштеп жаткан убакта Кыргызстанда да соттолгондордун классификациясын, алардын тобокелчиликтерин аныктоо боюнча иштер башталып калгандыктан, мага бул ишке жардам берүү боюнча кайрылышты. Мен ушул инструментти иштеп чыгууга кеңеш берип жатам. Мындан тышкары жанжал же согуш болуп жаткан чет өлкөдөн мекенине кайтып келгендер менен иштешүүнү да алып барам. 

- Буга чейин Казакстан, Өзбекистан Сириядагы өз жарандарын кайтарып алышты. Кыргызстан мындай кадамга бара элек. Кыргызстанда андай адамдар кайтып келгенден кийин алар менен иштеше турган атайын адистер да жок. Сиз психолог катары кандай кеңеш берет элеңиз?

- Андай адамдарды башка өлкөлөрдөн кайтарып келүү таптакыр башка аспектидеги иш. Менин ишим, башка өлкөлөрдө террористтик иштер менен алектенип өз өлкөсүнө кайтып келгендердин интервенциясын баалоо, алар менен иштешүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу болуп эсептелет. 

- Сиз түрмөлөрдө иш алып барган психолог катары айтсаңыз, аялдар менен эркектердин кылмыштуу психологиясында айырма барбы?

- Ооба. Аялдар кылмыш дүйнөсүнө эркектерге караганда башкача жол менен келишет, ошондуктан аларды реабилитациялоо программалары дагы айырмаланат. Эркектерге карата иштелип чыккан программаларды эле аялдарга карата ылайыктап койгон болбойт. Аялдарга карата таптккыр башкача өңүттө программа иштелип чыгышы керек. Анткени аялдар менен эркектердин психологиясы айырмаланат.

- Аялдарды кылмыш дүйнөсүнөн кайтаруу жеңилби же?

- Эгер дүйнө жүзү боюнча жалпы түрмөлөрдү карасак, албетте эркектерге караганда аялдар ал жакта аз. Эркектерге караганда аялдарда психикалык оорулар, кандайдыр бир муктаждыктар азыраак болот, аялдар коомго да батыраак аралашып кете алышат. Ошондуктан алар менен иштөө жеңилирээк.

- Сиз баңгизаттарды колдонгон контингент менен да иш алып барат экенсиз. Азыр дүйнө жүзү боюнча баңгизаттардын жаңы түрү синтетикалык баңгизаттар чыга баштады. Сиз психолог катары оор баңгизат жана жеңил баңгизат колдонгон кылмышкерди кантип ажырата аласыз?

- Дүйнөдө улам пайда болуп жаткан жаңы баңгизаттардын чыгышына көз салып туруу керек. Эгер эл аралык тажрыйбаны карасак, дүйнө боюнча түрмөдөгү кылмышкерлердин 70 пайызы баңгизатка, алкоголдук ичимдиктерге берилүү сыяктуу зыяндуу адаттарга ээ. Биз баңгизаттарга, алкоголго көз каранды болгон категориядагы адамдар үчүн өзүнчө программа иштеп чыгабыз. Мисалы, опиум сыяктуу оор баңгизаттарга көз каранды болгондорго кошумча интервенциялар жасалат. Опиумду алмаштыруучу метадон дары катары аны алмаштыруучу терапияда колдонулат. Көп учурда түрмөлөрдө кылмышкерлер оор баңгизаттарды өлчөмүнөн көп кабыл алышып, кыйналган учурлар кездешет. Мындайда түрмө кызматкерлери да реакция жасашып, баңгизатты өлчөмүнөн ашык колдонгондорго карата эмне кылууну билиши керек.

- Психолог катары сиз оңолбой турган адам жок экендигине ишенесизби?

- Мен адамдардын көпчүлүгү кандайдыр бир оң жолго түшө ала турушкандыгына ишенем. Балким адам начар чөйрөдө өсүп, баңгизат, спирт ичимдигин колдонуп же начар адамдар менен аралашып, туура эмес жолго түшүп калышы мүмкүн. Бирок айрым бир адамдарга таасир берүү кыйын, андайлар башка адам азап чегип жатса ошондон ырахат алат. Бул алардын психопатиялык өзгөчөлүктөрү, булар коом үчүн рецидивдин жогорку тобокелчилигинде турушат. Андай адамдар психологиялык коррекцияга алынбайт, аларды коомдон бөлүп гана коюу зарыл.

- Сиздин психолог катары тажрыйбаңызда кылмышкерлер арасындагы кандай көрүнүш сизди адис катары абдан таң калтырды эле?

- Кызыктуу учурлар көп эле болгон. Мен психолог катары ишти жаңыдан баштаганда кылмыш кылган эркектер менен көп иштешкем. Менин эсимден чыкпай калганы, кылмыш кылган эркектердин көпчүлүгү бала кезинде сексуалдык зордук-зомбулукка кабылганы, кичине кездеринде кордук көрүшкөнү болгон. Ошондой зомбулукка дуушар болгон, ички дүйнөсүндө жаракаты бар эркектердин көбү кийин түрмөлөргө түшкөн. Балким алар ушундай себептерден улам түрмөгө түшкөн болушу да ыктымал.

- Сиздин оюңузча, диний терроризмге берилген жана криминалдык терроризмге кабылган адамдар менен иштешүүдө айырма барбы?

- Менин көз карашымда, терроризмге берилген адамдын көз карашын өзгөртүүгө эмес, ал адамды ошо зордук-зомбулук чөйрөсүнөн алып чыгуу керек. Мейли, сенин ишенимиң өзүң менен кала берсин, бирок башкаларга зыян келтирбе дегенге алып келишибиз керек. Ошондуктан биз алардын ишенимин, көз карашын өзгөртүүгө эмес, зордук-зомбулук чөйрөсүнөн аларды алып чыгууга көп басым жасайбыз.          

Мы теперь в Telegram: https://t.me/bulakkg

Facebook: https://www.facebook.com/Bulaknews/

Twitter: https://twitter.com/KgBulak

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/11743