Мониторингдин жана баалоонун биргелешкен топтору – элдин ишеними жана бийликтин иштөөсүнүн ачыктыгы

0

БМжБ (Биргелешкен мониторинг жана баалоо) топтору эки пилоттук шаарларда 14 иш-чаралар менен обьектилерди мониторинг жасоону жана 4 муниципалдык кызмат көрсөтүүнү баалоону пландашты. 

Кыргызстанда «Шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууга жарандардын катышуусу” долбоорунун алкагында, биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү (БМжБ) топтору түзүлгөн. Бул долбоорду “Сорос - Кыргызстан” фондунун колдоосу менен “Борбор Азиядагы Евразия фонду” коомдук фонду ишке ашырууда. Алгачкы топтор Каракол жана Кара-Балта  шаарларында түзүлгөн. 

БМжБ иштерин уюштуруу 

Бардык катышуучулар 2019-жылдын күзүндө тренинг форматында өткөн окууларга катышышкан. Тренингдерде мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү өздөрүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө базалык билим алышып, мониторингдин инструменттери менен иштөө көндүмдөрүн билип алышты. Мониторинг жана баалоо боюнча план жана график түзүп, мониторингдин жыйынтыктары боюнча актыларды жазганга үйрөнүштү. 

БМжБ топтору окуулардан кийин шаарлардын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык программасынын (ШӨСЭП) иш-чараларын ишке ашырууну мониторинг жасоо жана баалоонун планы менен графигин иштеп чыгышкан. Мында мониторингдин абдан актуалдуу, өтө зарыл обьектилери аныкталып, топтун катышуучуларынын арасында милдеттер бөлүштүрүлүп, жооптуу адамдар да аныкталган. 

ШӨСЭП иш-чараларын ишке ашырууну мониторинг жасоо жана баалоо жүргүзүүдөн тышкары БМжБ топтору бюджеттин ачыктыгынын муниципалдык индексин баалоону да жүргүзүшөт, бул бюджеттик процесстин ачыктыгын жана жарандардын ага катышуусун анализдөө үчүн зарыл. БМжБ топтору мындан тышкары көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызматтардын сапатын да баалашат. Негизги инструмент – бул шаардыктардан сурамжылоожүргүзүү. 

Долбоордун алкагында БМжБ топтору иш үчүн керектүү бардык нерселер менен камсыз болгон. “Сорос – Кыргызстан” фондунун финансылык колдоосу менен ноутбуктар, принтерлер, фотоаппараттар, ошондой эле кеңсе буюмдары алынып, БМжБ топторунун катышуучуларын ажырата билүү үчүн жилеттер да тигилген.

Долбоорго баштан аяк эксперттик топ методикалык колдоолорду Караколдогу жана Кара-Балтадагы БМжБ топторуна көрсөтүп, мониторинг өткөрүү маселелери боюнча, мониторингдик визит актыларын түзүү боюнча кеп-кеңеш берип жардам кылып турушат. 

Биринчи жыйынтыктар

БМжБнун Кара-Балтадагы жана Караколдогу ар бир тобу 12 – 15 адамдан турат. Алардын курамында жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрү, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, БМжБ топторунда иштөөнү каалаган мэриянын кызматкерлери бар. БМжБ тобу жөн эле демилгелүү топ эмес, анын легитимдүү макамы бар. Топтордун курамы токтом менен шаардык кеңештердин сессияларында бекитилет. 

БМжБнун негизги максаты -  жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо. Пилоттук эки шаарда тең БМжБ топторунун иштеринин алгачкы жыйынтыктары бар. 

Ошентип, Кара-Балтадагы жана Караколдогу эки топ 2020-жылга карата мониторингдин пландарын жана графиктерин иштеп чыгышкан. Алардын негизинде Кара-Балтадагы  14 иш-чарага жана обьектилерге мониторинг жүргүзүлөт. Ушундай эле сандагы обьектилер Караколдо да пландалган. 

Кара-Балтада БМжБ топтору балдар ойноочу аянттардын курулушу менен оңдолушун, шаардын ичиндеги жолдордун оңдолуусун, тротуарларды, шаардын мектептериндеги жылытуучу жана канализация системаларынын курулушун жана оңдолушун мониторингден өткөрүүнү пландашты. Мындан тышкары, 2019-жылдын 12 айы үчүн бюджеттин ачыктыгынын муниципалдык индексин баалоо, төрт муниципалдык кызматтын сапатын – турмуш-тиричиликтин таштандыларын (мусор) жыйнап чыгарууну уюштуруу, жалпы пайдалануучу жерлерди (шаардык көчөлөрдү) жарыктандыруу, муниципалдык жолдордун жарактуулугун камсыздоо жана шаардыктарды иче турган суу менен камсыздоо боюнча баалоо жүргүзүлөт. 

Караколдо болсо 14 обьектиге: асфальтталган жолдорду, тротуарларды куруу жана реабилитациялоого, шаардын скверлери менен парктарын оңдоого, жалпы билим берүүчү имараттарды жана мектепке чейин билим берүүчү имараттарды (бала бакчаларды) курууга мониторинг жүргүзүлөт. Ошондой эле бюджеттин ачыктыгынын муниципалдык индексин баалоо жана төрт муниципалдык кызматтын – таштандыларды жыйноо, чыгаруу, жашылдандыруу, мунициапалдык жолдордун жарактуулугун камсыздоо жана ичүүчү суу менен камсыздоонун сапатына баа берилет. 

Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБ топторунун мүчөлөрү тарабынан акт түзүлөт. Анда коомдук пикирди сурамжылоонун, анкета жүргүзүүнүн, фокус-топтордогу изилдөөлөрдүн жана башкалардын негизинде ачыкка чыккан фактылар камтылган, алар жүргүзгөн мониторинг менен баалоонун жыйынтыктары толук жазылат. Актыда мындан башка рекомендациялар, сунуштар жазылып, фотосүрөттөр, видеоматериалдар жана башка документтер да тиркелет. Акт андан кийин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аткаруу органына жана жергиликтүү кеңешке жиберилет. Ал мэрияда жана шаардык кеңеште милдеттүү түрдө каралышы керек. 

БМжБ – жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматташуусунун эффективдүүинструменти. БМжБ иштеринин жыйындысы болуп, элдин бийликке болгон ишеними бекемделип жана коом менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ортосундагы ачык-айкындуулуктун күчөгөндүгү эсептелет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/11629