Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасындагы спартакиадага Айыл чарба, министрлигинин кызматкерлери да активдүү катышууда.

0

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында дене тарбия жана спортту пропагандалоо максатында уюштурулган “Тамекисиз спорт” аталышындагы спартакиада өтүүдө.


22-октябрдан 29-октябрга чейинки аралыкта өтүп жаткан спартакиадага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери да активдүү катышууда.
Аталган спартакиадада воллейбол боюнча кыз-келиндер арасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин командасы байгелүү үчүнчү орунду багынтты.
Ал эми эркектер арасында спорттун жеңил атлетика түрүнөн 35 жашка чейинкилер арасында 1000 метрге чуркоодо А.Парпиев 1-орунду багындырды. 200 метр аралыкта Э. Кенжебаев 3-орунду ээледи. 35 жаштан жогоркулар арасында Д.Акназаров 3-орунду ээлеп, Д. Жаныбеков 2 орунду алды. Ошондой эле 500 метрге чуркоо боюнча жарышта министрликтин кызматкери Кубанычбекова Карлыгач үчүнчү орунга ээ болуп. Жайыт, мал чарба жана балык чарба Депортаментинин юристи Жакыбекова Гүлнура 200 метр аралыкка чуркоодо алтын медаль тагынды.
Спартакиада 29-октябрь күнү жыйынтыкталат.
Эске салсак, аталган спартакиада Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10973