Имамидин Ташов Сузакка 45 метр бийиктиктеги флагштокко мамлекеттик туу илди. Фото

0

Айтылуу Сузак айланпасына орнотулган кырк беш метр бийиктиктеги флагштокко узун-туурасы 10-20 метр болгон мамлекеттик туу илинди.

Флагштоктун пайдубалына кыргыз элинин 4 чыгаан инсандарынын сүрөт-элеси түшүрүлгөн.   Жалал-Абад областынын жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиевдин жана район акимдеринин, жергиликтүү тургундардын катышуусунда тууну көтөрүү боюнча расмий иш-чара болуп, ага эки миңдей адам катышты.

Бул демилгени Жалал-Абад областынын жетекчилиги демилгени көтөрүп чыккан жана ишке ашырган жеке ишкер Имамиддин Ташовго ыраазычылык билдирип, бата берип узатты.

Жалал-Абадда өткөн салтанаттуу ачылуу аземинде өмүрүндө биринчи жолу мамлекеттик тууну белекке алганын билдирип, анын дем күчү менен И.Ташов эми борбор калаага 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотууну ниет кылганын жар салды. 

“KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташовго Ош-Бишкек жолундагы Сузак айлампасына 45 метрлик флагшток орноткондугу үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясы ага “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгарып, төш белгисин такты. Андан соң, И.Ташовго сөз берилди.

— Чындыгында кээ бир деңгээлде толкундатпай койгон жок, бүгүндөн баштап мен дагы Сузактын жараны, атуулу катары жердештер десем жаңылышпасам керек. Бүгүн Сузак району, Жалал-Абад облусу мага бир эле желек менен калып кетпе, дагы желек кой, дагы Сузак районуна салым кош деген максат менен атуулдук берди деп кабыл алам жана ыразычылык билдерем, — деди ал.

Ошондой эле Имамидин Ташов өз сөзүндө эмне үчүн жети областка эң бийик желектерди орнотуп жатканыные сырын айтты.

-Ушул желектин желбиреши менен Кудай талам Жалал-Абадга оомат алып келсин, ушул желектин желбиреши менен айрым терс көрүнүштөргө чекит болсун. Акыркы кездерде мага коомубузда терс көрүнүштөр көп болуп жаткандай сезилди. Кээде коңшуларыбыз менен мамиле жакшы болбой жатат. Ошондуктан аларга бойкот катары жети областка бийик туу орнотуу үчүн жолго чыккам, — дейт ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө “KG ГРУПП” компаниясы флагштокту Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө расмий өткөрүп берип, кабыл алуу актысына кол коюшту. Соңунда журналистерге интервью берип жатып, мурдагы жылдарда башка областтарга орнотулган желектер жергиликтүү бийлик тарабынан каралбай, айланасы кейиштүү абалда жатканына нааразычылыгын билдирди.

-Камкордуксуз калтырышканын чындыгында өтө негатив менен кабыл алып жатам. Мен бул нерсени айтып эле келе жатам, жергиликтүү бийликке көздүн карегиндей сактасын деп расмий түрдө өткөрүп берип жатабыз. Бирок, туубуздун маанисине жетпеген күндөр болуп жатат. Айланасын кароодо аксап жатышат. Менин тилегим — ушундай сонун белекти алып жаткан жергиликтүү бийлик жакшы сакташын тилейм жана ошого чакырып кетем, – дейт И.Ташов.

Эске сала кетсек, жеке ишкер Имамидин Ташов Баткен областынын Кадамжай районунда туулган. Ал эми тууну буга чейин Баткен, Ош, Ысык-Көл областарына орноткон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10892