Бишкекте жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш өтөт

0

Бишкекте жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда. Ал бүгүн башталып 6-сентябрда аяктайт.

«Иш чарага Азербайжан, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Орусия, Өзбекстан, Судан жана Тажикстандан келген жаачылар катышат. Кыргызстандын атынан 10 жаачы ат салышмакчы», — деп билдиришти уюштуруучулар.

Эске салсак, мыкты жаачылар 6-сентябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин «Дордой» футбол комплексинде аныкталып, сыйланышат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10535