Кара-Суу районунда 2 унаа кагышып, 5 киши жабыркады

0

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 2 унаа кагышып, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун 1993-жылы туулган тургуну Т.Ч. «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай калган.Ал каршы тилкеде келе жаткан «Хундай Портер» унаасы менен кагышкан.

Кесепетинен «Хундай Портер» унаасынын айдоочусу жана ичиндеги 2 жүргүнчү жабыркаган. «Фольксваген» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү ар кандай жаракаттарды алышкан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10534