Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

0

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам асманга эскертүүчү ок атылды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Ок атуу Кыргызстандын жарандары Ак-Сай дарыясынын жээгинен шагыл жүктөп жаткан кезде болгон.

2-сентябрда Ак-Сай айылынан анча алыс эмес жерде болгон.

Кыргызстандын жарандары Ак-Сай дарыясынын жээгинен (Кыргызстан жагы) шагыл жүктөп жатышкан. Бул маалда суунун тигил жээгине тажик чек арачылары (Тажикстан тарабы) келип асманга ок чыгарган. Аталган окуя боюнча эки мамлекеттин чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10533