«Үлгүлүү үй-бүлө эле, элдин баары шок...»: Сокулукта 14 жаштагы кыз өз атасынан төрөдү

0

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында 14 жаштагы кыз өз атасынан төрөп, баланы туугандарына беришти.

Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, бул үй-бүлө Тажикстандан Сокулукка 2010-жылы көчүп келишкен.

«Дыйканчылык менен алектенишет, мал чарбасы бар. Эл катары жашашат. Бул кызы улуусу. Андан кийин 2 кыз, 2 уулу бар. Үлгүлүү үй-бүлө болчу. Элдин баары шок болуп, таң калып жатышат. Үй-бүлөнүн мүчөлөрү Кыргызстандын жарандыгын алып, бизде каттоого алынган», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы учурда ымыркай жана аны багып алган эне ооруканада жатканын, бала 2 ай мурун төрөлгөнүн жана анын абалы жакшы экенин билдиришти.

«Баланы туугандары эле багып алышыптыр. Анын абалы жакшы. Ал эми 14 жаштагы кыз менен Сокулуктагы балдарды коргоо борборунун психологдору иштеп жатышат. Алар жыйынтык чыгаргандан кийин дагы кандай жардам бериле турганы аныкталат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ал эми Жаңы-Жер жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору Медет Бостаев: «Ал кызды атасы ушул жылдын апрель айында биздин гинекологго алып келген экен. Ошондо ал: "Кызым бир бала менен сүйлөшүп жүрүп, экөө жакындап коюшуптур. Ал жигит Тажикстанга качып кетти. Кармасам өлтүрөм. Эптеп баланы бойдон түшүрүп бергиле" дептир. Документтери жок экен. "Жакында документтерим бүтүп калат" дептир. Биздин гинеколог баш тартып: "Бишкек шаарына баргыла, бала чоңоюп калыптыр" деп жооп берген. Арадан убакыт өтүп, төрөт маалы жакындап калганда кайра келишиптир.

Кызды 2001-жылы төрөлгөн деп айтышкан. Ошондо июль айы болуп калган. Кыз жакшынакай төрөп, ата-энеси төрөтканадан чыгарып кетишкен. Биз дагы билген эмеспиз. Эки айдан кийин билдик. Укканда таң калып, ишене албай калдык. Өзүңөр билгендей Сокулукта Тажикстандан көчүп келип, бир топко документи жок жүргөн кыргыздар бар. Алар жарандыкты алганга чейин биз дарылап, карап турабыз», - деди.

Айыл тургундары: «Бул иш чыкпайт болчу. Билинбей калмак. Айылда кимдир бирөө атасы менен урушуп кетип, ал шекшип калган. Ошол адам милицияга билдирген окшойт», - дешти.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 29-августта аталган түзүмгө Сокулук районунун криминалдык милиция кызматынын кызматкери тарабынан Сокулук районунда 53 жаштагы эркек киши өзүнүн 14 жаштагы кызын бир нече жолу зордуктап, өспүрүм кыз төрөгөндүгү тууралуу ыкчам билдирүү түшкөн. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 2005-жылы туулган кыз өзүнүн атасынан төрөгөнү аныкталган.

Аталган факт Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иш тергелип баштады. Ал эми 1966-жылы туулган А.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалды. Өспүрүм кыздын төрөтүн кабыл алгандарга, дарыгерлерге юридикалык баа берилет», - деп айтылат маалыматта.
булак: turmush.kg

Фото: Sputnik Казахстан

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10530