Бишкекте 25 жаштагы кыз 4-кабаттан боюн таштап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган

0

Бишкекте 25 жаштагы кыз 4-кабаттан боюн таштап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББ билдирди.

Маалыматка караганда, А.Г. аттуу кыз Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирген.

«Жабырлануучуну тез жардам унаасы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кетишти. Учурда анын абалы туруктуу», -деп билдиришти ШИИББдан.

Окуя 31-августта болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10517