Каптагаев Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго кайрылды

0

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго ачык кат жазды.

Каптагаев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланган кайрылуусунда өзүн барымтага алуу боюнча Садыр Жапаровдун катышын тастыктаган бир да күбө болбогонун жана эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

Ал Садыр Жапаров Кенжебек Жумабаев аттуу адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде абакка кесилгенин, Жумабаев жалган көрсөтмө бергени боюнча видео кайрылуу жасаганын белгилеген. Мурдагы губернатор ошондой эле Жумабаев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга соттолгонуна карабай эркиндикке жүргөнүнө көңүл бурган.

«Буга байланыштуу Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишин кайрадан карап, Кенжекбек Жумабаевдин ролу боюнча кошумча тергөө жүргүзүүнү суранам. Эгер ал чынында эле калп айтса Садыр Жапаров акталышы керек. Ал эркиндикке чыгышы керек. Ал эми Кенжебек Жумабаевдин кадамдарына укуктук баа берилиши керек. Ал адамды барымтага алганы боюнча 8 жылдык мөөнөтүн өтөбөгөнүнө дагы бул иш боюнча кошумча жазага тартылышы керек», деген оюн билдирген Каптагаев.

Ошондой эле ал бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароого чакырган.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. Жакында Чүй облустук соту Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн кыскартуудан баш тарткан.

Анын тарапкерлери саясий куугунтук болуп жатканын айтып жүрүшөт.

булак: centralasian.org

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10516