Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттары расмий түрдө VII сессияны ачышты

0

Эки айлык эмгек өргүүдөн кийин Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттары расмий түрдө VII сессияны ачышты.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 77-беренесине жана «Жогорку Кеңештин Регламенти тууралуу» Мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрдын биринчи иш күнү башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы иш күнүнө чейин уланат.

Кезектеги пленардык отурум 4-сентябрда башталат. Эске салсак, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү депутаттар комитеттерде иштешет, ал эми шаршемби, бейшемби -пленардык отурумдар өтөт. Жума күнү фракциялардын отуруму болот.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10506