Чүй облусунда киши зордуктоого шектүү жаран кармалды

0

Чүй облусунда киши зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-августта Бишкектин 30 жаштагы тургуну Жайыл РИИБга арыз менен кайрылган. Анда таңкы саат 5те Суусамыр өрөөнүнөн Чыңгыз аттуу бала күч колдонуп зордуктаганын айткан.

Тескөөчүлөр Суусамыр өрөөнүнөн «Форд Фиеста» унаасынын изине түшүп, ичинен кылмышка шектүү делген айдоочуну кармашты. Ал Ысык-Көлдүн 1987-жылы туулган тургуну болуп чыкты. Унаада 1998-жылы туулган жүргүнчү да болгон.

сүрөт: тексттин мазмунун түшүндүрүүүчүн тартылган

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10494