Президент Жээнбеков «Азаттыктын» туруктуу угарманы экенин айтты

0

Сооронбай Жээнбеков жана Жейми Флай. 29-август, 2019-ж. Бишкек.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта «Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчы «Азаттыктын» туруктуу угарманы экенин белгиледи. Ошону менен катар анын бардык тараптын үнүн уккан, микрофон берген, бейтарап медиа экенин кошумчалады.

Жээнбеков Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүн ичинен сөз эркиндигинин абалы жакшы мамлекет болуп эсептелерин, максаты аны коргоо жана өнүктүрүү экенин айтты.

Флай бейшембиде Кыргызстандын медиа өкүлдөрү менен жолугушту. Корпорациянын президенти Кыргызстанга кечээ, 28-августта келген. Буга чейин Тажикстанда, Казакстанда болду. Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин, Алматы шаарында казак президентинин расмий өкүлү жана жарандык коомдун активисттери менен жолугуп, пикир алмашты. Тажикстанда сөз эркиндигинин абалына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. (КЕ)

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10482