Каза болгон баласынын ѳлүмү боюнча акыйкаттык издеген карыя Сооронбай Жээнбековго кайрылды

0

Баткен облусунун мурдагы прокурору мыкаачылык менен олтурулгон Анарбай Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов президент Сооронбай Жээнбековго социалдык тармак аркылуу кайрылуусу жасады.

«Урматуу Сооронбай Шарипович Баткенде киши колдуу болуп ѳлтүрүлгѳн баламдын сотунун жыйынтыгы чыкпай жатат. Он бир айдан бери жүрѳбүз Конуров менен Жайчыбековдун тизгинин тартып койгон адам болот бекен. Алар мага да кол салып жатат», -деди атасы

Буга чейин маалымат булактары аркылуу бир нече кайрылуу жасаган.

Эске салсак, Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 18-ноябрда киши колду болгон. Кылмышка шектүү деп Мелис Калыковду кармаган

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10439