Мирзиёев блогерлерди колдой турганын билдирди

0

Мирзиёев блогерлер менен селфи кылып жатат. 26-август, Самарканд.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-августта «Шарк Тароналари» деп аталган эл аралык музыкалык фестивалга катышуу үчүн келген жергиликтүү жана чет элдик блогерлер менен жолукту. Өзбек блогерлери менен сүйлөшкөн президент аларды дайыма колдой турганын белгиледи.

Өзбек мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мирзиёев мындан тышкары, журналисттердин суроолоруна жооп берип, өлкөдө ачыктык саясаты улантыларын айтты.

- Акыркы жылдары Өзбекстан дүйнөгө эшигин ачып, эл аралык коомчулукка бардык чындыкты жеткирүүнү каалап жатат. Эң башкысы талкуулап, сынга алууга болот, - деди президент.

26-августта Шавкат Мирзиёев Самаркандда өткөн «Шарк тароналари» фестивалынын ачылышына катышкан. Быйыл бул иш-чарага дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн 340 катышуучу келди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10437