Home Blog Page 3

Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы жолго чыккан курулушту алып салууну тапшырды

Социалдык тармактарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Бишкектеги Борбордук универмагдын (ЦУМ) алдындагы курулуш аянтчасына барган жаткан видеосу тарады. Видеодо ал «Эски Бишкек» долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеевге кайрылып, «биз сиздин көйгөйүңүздү эмес, шаар тургундарынын көйгөйүн чечишибиз керек» деп айтканы угулат.


Бүгүн, 8-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровтун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен жеринен таанышты.

Биз сиздин көйгөйүңүздү эмес, шаар тургундарынын көйгөйүн чечишибиз керек

Камчыбек Ташиев

Камчыбек Ташиев жолдун боюндагы курулуштарды жана автобус аялдамаларын тез арада демонтаждоону тапшырды. Ал Курулуш министрлигине, мэрияга жана башка жооптуу мекемелерге жолдун бетин тез арада калыбына келтирип, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жол жүрүү шарттарын камсыз кылууну айтты.

Курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду калыбына келтирип, айланасындагы инфраструктураны мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирерин билдирди.

Бишкектин борборундагы курулуш иштери көптөн бери тургундардын нааразычылыгын жаратып келет. Алар обьект курулуп жаткан жерлерде мурда гүлзарлар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жай болгонун белгилешти.

Касымалиев Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, 8-декабрь – Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз РеспубликасынынРадио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өлкөбүздө эң биринчи радиоуктуруу 94 жыл мурда обого чыкса, ал эми алгачкы телекөрсөтүүнүн чыкканына 67 жыл толот, мына ушул майрамды белгилөө жөнүндө токтом 30 жыл мурда кабыл алынган. 

Салыштырмалуу аз убакытта телекөрсөтүү жана радиоуктуруу коомдук турмуштун маанилүү бөлүгүнө айланды. Бул тармактын кызматкерлери телеберүү жана радиоуктуруу аркылуу ар бир үйдөгү мекендештерибизге кайрылып, алар менен баарлашып, эң жакын адамындай таасир калтырышты. 

Учурда маалыматтык технологиялар тез өнүгүүдө жана маалымат таратуу каналдары кулачын кенен жайды. Мындай учурда жалпы коомдук пикирди калыптандыруунун, руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуунун, ошондой эле мамлекеттик саясаттын ачыктыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун негизги куралы катары массалык маалымат каражаттарынын мааниси артууда. 

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери мамлекеттик биримдикти бекемдөөгө, коомдогу жарандык тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, ошондой эле калкты объективдүү, ишенимдүү жана ар тараптуу маалымат менен камсыз кылууга олуттуу салым кошууда. 

Өткөн мезгилде көптөгөн көрүнүктүү жетишкендиктер болду. Материалдык-техникалык база чыңдалып, заманбап техникалар менен жабдууланып, көрүүчүлөргө жана угуучуларга жогорку стандарттагы берүүлөр сунушталууда. Өзгөчө дүйнөлүк жаңылыктарды, саясий, спорттук жана башка телеберүүлөрдү мамлекеттик тилде чагылдырууда кыйла прогресс байкалат.

Алдыда турган милдеттерди аткарууда жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана чыгармачылык мамиле менен киришесиздер деп күтөбүз. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, 2026-жылы боло турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, убагында Чыңгыз Айтматов баштап кеткен Ысык-Көл эл аралык форумун жана мамлекетибизде болуп жаткан маанилүү окуяларды элибизге жана чет өлкөлөргө жеткирүүдө сиздердин потенциал жетиштүү болот деген ишенимди билдирем. 

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, кесиптик ишмердүүлүгүңүздөрдө мындан аркы ийгиликтерди, түгөнгүс чыгармачыл шыктануу жана өлкө менен коом үчүн жасаган ишиңиздерге жаңы жетишкендиктерди каалаймын!”. 

Кыргызстандагы 214 бала бакча карантинге жабылып, 207 мектеп онлайн окууга өттү

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу учурда 207 мектеп онлайн окутууга өттү, ал эми 214 бала бакча карантинге убактылуу жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

«Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу министрлигинин уруксатысыз эле билим берүү процесси онлайн форматына которулат. Мектептер билим берүү процессин онлайнга өткөрүү боюнча маалыматты министрликке билдирүү түрүндө гана жөнөтүшөт.

Учурда республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинде», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, өткөн аптада республикада курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 36 миңден ашык учуру катталган. Ооруга чалдыккандардын 70 пайыздан ашыгы 14 жашка чейинки балдар болгон.

Садыр Жапаров Пакистандын аскер жана авиациялык технологияларын жогору баалады

Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Исламабаддагы Улуттук аэрокосмостук илим жана технологиялар паркындагы (NASTP) аскердик жана илимий-техникалык көргөзмөлөрдү кыдырып чыкты.

NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат.

 Садыр Жапаров NASTP Alpha экспозицияларын көрүп чыкты, анда авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар жана космос индустриясынын продукциялары көрсөтүлгөн.

Президент ошондой эле Кытай менен Пакистан биргеликте иштеп чыккан JF-17 Thunder көп максаттуу кыйраткыч учактары менен кеңири таанышты.

Мамлекет башчысына учактын негизги согуштук мүмкүнчүлүктөрү жана техникалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде маневр жасоо жөндөмдүүлүгү, багыттоо жана курал-жарак системалары көрсөтүлдү. Садыр Жапаров учкучтун кабинасына кирип көрдү, адистер ага борттогу жабдуулар жана кыйраткыч учактын техникалык-эксплуатациялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, президентке PAC MFI-17 Mushshak жеңил окуу-машыгуучу учагы, ошондой эле авиация адистерин окутууда маанилүү роль ойногон аба ырайынын ар кандай шарттарында жана кырдаалдарда учкучтук көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген тик учактын окуу симулятору көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров сунушталган иштеп чыгуулардын жогорку деңгээлин белгилеп, инновациялар жана жогорку технологиялар жаатында кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

УКМК Каракол шарындагы «Асем» тиричилик комбинат мамлекеттин менчигине кайтарды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каракол шаарындагы «Асем» тиричилик комбинат мамлекеттин менчигине кайтарганын билдирди. Мүлк шаардык муниципалитетке өткөрүлүп берилди. Анын аянты 4028 чарчы метрди, ал эми жер тилкеси 0,5 гектарды түзөт.

Атайын кызмат Караколдун борборунда жайгашкан имарат 1993-жылы мыйзамсыз менчиктештирилгенин белгиледи. Мамлекеттик мүлк фонду мүлктү түз сатуу аркылуу, аукционсуз саткан, бул 1991-жылдын 20-декабрындагы «Кыргыз Республикасында мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн жалпы принциптери жөнүндө» мыйзамдын жоболорун бузат.

Атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, тергөө иштеринин жүрүшүндө ээлери «Асем» коммуналдык комплексин жана ага жакын жайгашкан жерди Каракол мэриясына өткөрүп берүүгө өз ыктыярлары менен макул болушкан.

УКМК мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтаруу аракеттери уланып жатканын баса белгиледи.

Жаңы улуттук айдоочулук күбөлүктүн үлгүсү бекитилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн техникалык шарттарын жана үлгүсүн бекитти.

Буга чейин белгилүү болгондой 2019-жылдагы чыгарылган бланктарын берүү аяктаганга чейин жүргүзүлөт.

Маалым болгондой, 2026-жылы мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр 10 жылдык мөөнөтү бар үлгүгө алмаштырылышы керектигин билдирген.

Айдоочулук күбөлүктү персоналдаштыруу укугу Президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине берилген.

Сокулукта балдарын сабаган аял кармалды

Кечээ, 3-декабрда социалдык тармактарда бир кыз, бир уулун тургузуп алып сабаган аялдын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Көп өтпөй милиция видеодогу аял кармалганы тууралуу маалымат берилди.

Маалыматка караганда, аял күйөөсү менен урушуп кетип ага өчөшүп, 9 жана 7 жаштагы балдарын сабаган.

Сокулук РИИБи аялды жана анын 37 жаштагы күйөөсүн таап, тергөө жүргүзгөн. Натыйжада аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

БШК №13-округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жумушчу топ шайлоо участкаларда видеокамералар болгонун тактады. Талапкерлердин өкүлдөрү 35 шайлоо участогуна камера орнотуп, жашыруун добуш берүү принцибинин бузулушуна көз салып жатканын тастыкталган.

БШКга мыйзам бузуулар боюнча бир нече билдирүү түшкөн. Социалдык тармактарда аталган округда тартылган видеолор тараган. Анда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулуп, добуш сатып алуу фактыларын көрсөткөн фото жана видеолор бар.

Аталган округда 94 шайлоо участогу бар. Талапкерлер Бактыбек СыдыковАйбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова эң көп добуш алгандар эле.

Эми 30-ноябрда өткөн шайлоого катышкан жарандар кайрадан өтүүчү шайлоого катыша алышпайт.
Алар кимдер:

Талант Мамытов;

Бактыбек Сыдыков;

Айбек Алтынбеков;

Чинара Джураева;

Гүлназ Нурбаева;

Сайдулла Нышанов;

Олмаскан Султанова;

Гулназ Жээнбекова;

Жаныбек Курбаналиев;

Мунара Маматалиева;

Айбек Саипов;

Нурланбек Кенжебаев;

Айгуль Карабекова;

Мейкинбек Абдалиев.

Аталган округга Базар-Коргон, Ноокен райондорунун айылдары, Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарлары кирет.

Сасык тумоодон улам бир катар бала бакчалар жабылып, 5 мектеп онлайн окууга өттү

Оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 25ке жакын, ал эми Чүй облусунда40ка жакын бала бакча убактылуу жабылды. Бул тууралуу 2-декабрда сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү.

Ошондой эле ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалып, райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Агартуу министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү. Ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, эпидемиологиялык абал күн сайын көзөмөлдө турат.

Аламүдүндө 111 млн сомдук бала бакча жана бир гектар жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда «Золотой Колосок» бала бакчасынын имаратын жана ага жанаша жайгашкан бир гектар жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Аламүдүн районундагы «Золотой колосок» бала бакчасынын имараты жана 1 га жери муниципалдык баланска коюлбай, жеке тараптар тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып келгендиги аныкталган.

Прокурордук чара көрүү актысынын алкагында наркы 111 млн 93 миң сомго бааланган бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Көзөмөлдөөчү орган муниципалдык мүлктү мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча ишин улантууда.