Home Blog Page 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Россияга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-12-декабрда Россиянын Москва шаарына иш сапары менен барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.

Жолго чыкпай, иш бөлмөдө отурган. Сосновка постунун инспекторлору сынга кабылды

Бүгүн таңкы саат 05:00дөн баштап Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда кызмат өтөгөн жол кыймылынын тескөөчүлөрүн, Жайыл районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүн күтүүсүз текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, жетекчи жолго чыкпай, иш бөлмөдө отурган кызматкерлерди катуу сындап, кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле айдоочуларды жолдо этият болууга чакырып, аралыкты сактап, белгиленген ылдамдыктан ашпоону, коопсуздук курун тагынууну эскертти.

Жол тескөөчүлөрүнө мамлекеттик номери көрүнбөй калган унаалар “Коопсуз өлкөнүн” видеокамераларына түшпөй кала турганын айтып, номерин тазалатууну тапшырды.

Мындан тышкары, айдоочулар менен маектешип, алдын алуу иштерин күчөтүүнү белгиледи.

Президент кыргызстандыктарды Адам укуктары күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда кыргызстандыктарды Адам укуктары күнү менен куттуктады.

Бул документ 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген бул документ ар бир адамдын укугу менен эркиндигин, ар-намысын жана кадыр-баркын эң жогорку баалуулук катары жарыялап, адам укуктары менен эркиндиктеринин заманбап системасынын бекем пайдубалына айланган.

«Байыртадан бери эле кыргыз эли үчүн адилеттүүлүк, эркиндик, адамдын ар-намысы менен кадыр-баркы эң жогорку баалуулук болуп саналган. Ата-бабаларыбыз «Ар-намысың жоготконуң — адам деген атың жоготконуң» деп бекеринен айтышкан эмес. Демек, аталган декларациянын принциптери биздин нарк-насилибиз менен салт-санаабызга шайкеш келет.

1992-жылы БУУга кошулгандан кийин, өлкөбүз адам укуктарынын жалпы ченемдерин тааныйт жана колдойт. Ата-бабаларыбыздан бери келаткан бул баалуулуктар биздин Башмыйзамыбызда жана улуттук мыйзамдарыбызда да таасын белгиленген. Ошондуктан адам укуктары менен эркиндиги укуктук системанын өзөгүн жана жалпы мамлекеттик саясаттын пайдубалын түзүп, ал эми өлкөбүздөгү бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аларда кызмат кылган адамдар дал ошол баалуулуктарды негиз кылып, аларга таянуу менен иш жүргүзүп келе жатышат«,-деди мамлекет башчысы

Анын айтымында жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызматтарга жетүүнү камсыз кылууга өзгөчө маани беребиз. Адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону өз ара урматтоо маданияты, ар бирибиздин кылган иш-аракеттерибиз үчүн жоопкерчилигибиз, жаратмандыкка жана өз ара колдоого умтулуубуз катары кабылдайбыз.

 «Мамлекет бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо, басмырлоого каршы күрөшүү боюнча чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырып келет. Биз мамлекеттин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн биргелешкен аракеттери менен гана күчтүү, адилеттүү жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз.

Мына ушундай маанилүү күндө мекендештеримди ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирлерин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырам. Адам укуктарын коргоо, жарандарды социалдык же башка абалына карабастан, алардын бардыгына сый-урмат көрсөтүү — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана балдарыбыздын жаркын келечегине негизги салым болуп эсептелет.

Ар бир кыргызстандыкка чың ден соолук, тынчтык, бакубаттуулук жана эртеңки келечекке ишенимдүүлүктү каалайм.

Коомубузда ар дайым адилеттүүлүк, өз ара урматтоого таянган ынтымак жана шайкештик өкүм сүрсүн!» -деп жыйынтыктады

Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта аймакты караган № 11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 76-81-82-чакырымдар аралыгына 6 жерден түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Азамат Жапаров «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору болуп Азамат Жапаров дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Азамат Жапаров 1989-жылы 15-апрелде туулган. Исхак Раззаков атындагы КМТУну жана Касым Тыныстанов атындагы ИМУну аяктаган.

Ал 2021-жылдын мартында «Инфоком» мекемесинин директорунун административдик маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. 2024-жылы «Кызмат» мекемеси кайрадан түзүлгөндөн кийин директордун биринчи орун басары кызмат ордунда ишин уланткан.

Манас шаарында стоматологиялык поликлиника мамлекетке кайтарылды

Манас шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген стоматологиялык поликлиника имараты жана жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “Жалалабадстоматология” стоматологиялык поликлиникасынын 992 чарчы метр имараты жана 2595 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 113 млн 872 миң сомдук жогоркуда белгиленген имарат жер аянты менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды.

Манас шаарына жаңы прокурор дайындалды

Манас шаарына жаңы прокурор Эркингүл Урдалетова дайындалды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөлдөө органынын жаңы дайындалган жетекчиси муниципалдык кызматкерлерге жана Манас прокуратурасына тааныштырылганы белгиленди.

Эркингүл Урдалетова мурда Кара-Суу районунун прокурору болуп иштеген. Буга чейин Манас шаарынын прокуратурасын Рысбек Алчиев жетектеп келген.

Кыргызстандын Сейсмология институту эки жер титирөөнү каттады

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту 8-декабрда эки жер титирөөнү каттады.

Биринчиси, күчү 4,0 балл болгон жер титирөө мурунку күнү саат 20:15те Баткен аймагында болгон.

Жер титирөөнүн очогу Рават айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта, Лейлек айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышта, Үч-Дөбө айылынан 17 чакырым түндүк-батышта, Ак-Татыр айылынан 17 чакырым батышта жана Баткен шаарынан 48 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Рават айылында болжол менен 3,5 баллга, ал эми Лейлек, Үч-Дөбө жана Ак-Татыр айылдарында 3,0 баллга жеткен.

Экинчи жер титирөөнүн күчү 3,0 баллга жетип, 8-декабрда саат 3:07де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын Кара-Тоо тоо кыркасында, Достук айылынан 8 чакырым түштүктө, Ак-Жар айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, Ат-Баш районунун борборунан 20 чакырым түндүк-батышта жана Нарын шаарынан 32 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Достуктагы жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзгөн.

Чүйдө аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды

Чүй облусунда аялын сабап өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

4-декабрь күнү Сокулук РИИБге Сокулук районуна караштуу Арал айылындагы үйлөрдүн биринде 1978-жылы туулган жаран каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, сырттан кароо жүргүзүлгөн.

Кароо учурунда маркумдун денесинен көптөгөн көгала тактар жана кандын уюган издери табылган. Жансыз дене моргго жөнөтүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда анын өлүмүнө жолдошу шектүү экени аныкталган. Алардын окуя алдында бирге спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган. 1969-жылы туулган жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда.

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Бүгүн, 8-декабрда саат 12:50дөн тарта Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.