Home Blog Page 1810

“Ынтымак” партиясынын съездинде талапкерлердин тизмесин бекитилди

“Ынтымак” партиясы 11-октябрдаг кезектеги сьездин уюштуруп, Жогорку Кенешке талапкерлердин тизмесин бекитти. Буга чейин партияны Марлен Маматалиев жетектеп келсе, учурда Чынгыз Маекшов бул кызматты аркалайт.

Ошондой эле, аталган партиянын атынан депутат болууга  Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Алмамбет Шыкмаматов, Эрулан Кокулов, Балбак Тулобаев, Адинай Марипова, Чынгыз Макешов, Бакыт Тентишев, Жаркынбек Касымбеков, Нурболот Мирзахмедов, Гульнара Ташибекова, Канат Медин жана башкалар арыз жазышкан.

Республиканын аймагында “Нелегал-2021” рейди өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында болуу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин так сактоого чакырат.
“ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планына” ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылдын 11-октябрынан 18-октябрына чейин “Нелегал-2021” ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт.

ИИМдин басма сөз кызматы

Акылбек Жапаров кайсы кызматка барары айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасын алмаштыруу маселеси буга чейин эле чечилген. Улукбек Мариповдун ордуна министрлер кабинетин азыркы экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жетектейт. Бул тууралуу Kaktus.media жазып чыкты.

Марипов февраль айында премьер -министр болуп дайындалган. Конституциянын жаңы редакциясына кол коюлгандан кийин министрлер кабинетинин төрагасы болуп калган.

Үч эмдин ысымдары Айсулуу, Айпери жана Ай-Мээрим деп коюлду

Үч эмдин ысымын спортчу айымдардын аттарына ылайык коюшканын наристелердин чон апасы жар салды. Ал бул тууралуу Kaktus.media.басылмасына билдирген.

Эске салсак, Ослодо Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова атаандаштарын артка таштап, женишке жетишкен. Ал эми Мээрим деген ат кичине алмаштырылып, ага Ай-Мээрим деп коюларын айтты ымыркайлардын чон энеси.

“Айсулуу, Мээрим жана Айпери Кыргызстандын желегин алыска таанытып, желбиретти. Буюрса, келечекте биздин кыздар да ушундай жетишкендиктерге жетишет деген ниетибиз бар”, – деп кошумчалады ал.

Белгилесек, 4-төрөт үйүнө 5-октября кесарева жолу менен 3 эм жарыкка келген. Ымыркайлардын салмагы – 1 870, 2 160 жана 2 170 грамм. Апасынын саламаттыгы канаттандырарлык.

Соцфонддун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев дайындалды

Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев дайындалды. Ведомствонун маалыматы боюнча, Жаныбек Орозалиев фонддун башчысы кызматынан бошотулган.

Эске салсак, Абдуллаев Соцфонддун төрагасынын орун басары болуп 2021-жылы 17-майда дайындалган.

Баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-октябрында УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун 6 лидери кармалды:

Reo 01 баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

К.А.К. 1974-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «минтака-масул» ДЭУ (лидери);

Reo 05 баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

К.С.С. 1975-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);

Н.Ж.М. 1976-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);

А.у.А. 1991-жылы туулган, Тажикстандын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (группанын жетекчиси);

Э.Н.Т. 1995-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (тобунун жетекчиси).

М.З.Я. 1993-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «казыначы» ДЭУ (ячейканын финансылык маселелери үчүн жооптуу).

Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүшкөнү жана 50дөн ашык Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан турган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн «жыйынын» ай сайын уюштуруп турганы аныкталган.

Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, экстремисттик маанайдагы адабияттар (36 даана китеп, 20 даана китепчелер, 25 даана баракчалар, 13 даана дептерлер, 15 даана уюлдук телефон, 15 даана электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, 1 даана ноутбук) табылып алынган.

Кармалган жарандар Кадамжай РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Reo 06 баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
Reo 03 баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
Reo 02 баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
Reo 01 баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Бүгүн Бишкекте Кыргыз футбол союзунун кезексиз курултайында уюмдун жаңы президенти шайланды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, КФСтин президенттигине эки адам арыз берген. Алар Медербек Сыдыков ( КФСтин башкы катчысы) жана Семетей Султанов (ал 2012-2017 -жылдары ФФКРди жетектеген).

Жыйынтыгында Сыдыковдун талапкерлигине 24 делегат, Султановго 3 делегат добуш берди. Жалпысынан 27 делегат катышты.

Эске сала кетсек, Кыргыз футбол союзун 2019-жылдын февраль айынан бери Канат Маматов жетектеп келген.

12-октябрда Бишкектеги айрым көчөлөрдө таза суу берилбейт

Эртең, 12-октябрда саат 9:00 — 21:00 аралыгында Бишкектеги айрым көчөлөрдө таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт.

Маалымат боюнча, бул «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана профилактикалык иштерге байланыштуу.

  • Жунусалиев,
  • Чайковский,
  • Айни,
  • Льв Толстой,
  • Садырбаев,
  • Космическая,
  • Жумушчулар шаарчасы,
  • Айыл чарба институту,
  • Ак-Өргө конушу,
  • Ак-Ордо конушу,
  • Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн ылдый тарабы) убактылуу таза суу жок болот.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 194 талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү) катышуу ниетин билдирди. Тизме

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 194 талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү) катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төмөнкү талапкерлерден шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түшкөн:

  1. Сариев Акылбек Аблабекович;
  2. Малиев Арсланбек Касымакунович;
  3. Дурсунов Атамша Латифвич;
  4. Ибраимов Санжар Кубанычбекович;
  5. Сейтказиев Анаш Токтосунович;
  6. Танабаев Нурлан Исамидинович;
  7. Курманов Байыш Жантаевич;
  8. Алтынбеков Айбек;
  9. Арланбеков Актилек Нурланбекович;
  10. Насиров Абдижалил Жусупович;
  11. Исаев Канат Кедейканович;
  12. Тологонов Бакыт Талантович;
  13. Алымжанов Айбек Орозбекович;
  14. Шаимкулов Манас Каныбекович;
  15. Бекмуратов Баймурат Асатович;
  16. Талипов Нуралы Орозалиевич;
  17. Усупов Тилек Сабырович;
  18. Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич;
  19. Арстанбеков Акылбек Советбекович;
  20. Сыдыков Бактыбек Усенович;
  21. Тукунов Акжолтой Шакирбекович;
  22. Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович;
  23. Абакиров Аскар Жумабекович;
  24. Саккараев Медербек Жаманкулович;
  25. Атажанов Ырысбек Ысламович;
  26. Лилиенталь Юлия Викторовна;
  27. Жээнбеков Жусупжан Амражанович;
  28. Ганыев Каныбек Токтоматович;
  29. Адбылдаев Райымбек Жумагулович;
  30. Карагулов Кубанычбек Нарынбекович;
  31. Аширбаев Элкинбек Токтогонович;
  32. Сегизбаев Мирбек Абдрахимович;
  33. Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич;
  34. Обдунов Элмурат Адбувапович;
  35. Сураналиев Талгат Чыныбекович;
  36. Мадмаров Уланбек Аданбекович;
  37. Мусагул уулу Амантур;
  38. Икрамов Тазабек Икрамович;
  39. Абдрахманов Азамат Абдилализович;
  40. Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович;
  41. Кулбараков Автандил Илдузович;
  42. Асанбаев Майрамбек Жекшенович;
  43. Дуйшеналиев Нурлан Кадырбекович;
  44. Ибраев Саматбек Кулукеев;
  45. Булекбаев Эркин Касымович;
  46. Таштанбеков Акбокон Дукенович;
  47. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович;
  48. Калдарбеков Элдияр Султанович;
  49. Токтакунов Нурбек Акбарович;
  50. Мелисов Азамат Канатбекович;
  51. Сатыбалдиев Элмурза Ракиев;
  52. Кыдырмышев Руслан Жаманакович;
  53. Абдрахматова Атыр Болотбековна;
  54. Исламбеков Белек Мамасалиевич;
  55. Иманкулов Эркин Токтаалиевич;
  56. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич;
  57. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;
  58. Ботобаев Айбек Курманович;
  59. Хасанов Канат Зерликович;
  60. Сагымбаев Канат Райымбекович;
  61. Токтобаев Суйунбай Жумаканович;
  62. Шамырканов Болотбек Муратбекович.
  63. Кулматов Эделбек Маматкулович;
  64. Аширалиев Чынтемир Камчыбекович;
  65. Салихов Кенеш Каримович;
  66. Божонов Замирбек Сабиржанович;
  67. Сардарбеков Сабырбек;
  68. Дүйшенбиев Райимберди Сейдакматович;
  69. Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;
  70. Сарбагышев Максатбек Канатбекович;
  71. Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович;
  72. Жунусалиев Рамис Майрамбекович;
  73. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич;
  74. Тарыкбаев Алмаз Нарынбекович;
  75. Райымкулов Бактыбек Кемелбекович;
  76. Мурадилов Бекболот Мурадилович;
  77. Ажибаева Жаңыл Бейшеновна;
  78. Жыргалбаев Нурбек Усенкулович;
  79. Дыйканов Максатбек Дыйканович;
  80. Тайлаков Арстанбек Кылычбекович;
  81. Бакеев Аскарбек Колхозбекович;
  82. Казакбай уулу Замирбек;
  83. Бегалиев Болот Касымбекович;
  84. Мамбеталиева Анара Хамзаевна;
  85. Матраимов Искендер Исмаилович;
  86. Шакиев Нурланбек Тургунбекович;
  87. Жумабеков Дастанбек Артисбекович;
  88. Момунов Акат Акынович;
  89. Токтогулов Ербол Бекинович;
  90. Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич;
  91. Турганбаев Мелис Токтомамбетович;
  92. Чокморов Болотбек Сексенбешович;
  93. Осмонов Айбек Жапарович;
  94. Пасанов Эржигит Жетимишович;
  95. Абиров Жаныбек Болотбекович;
  96. Бекешов Дастан Далабайевич;
  97. Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович;
  98. Кенжебаев Аманкан Батырбекович;
  99. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич;
  100. Турков Мунарбек Максатбекович;
  101. Супатаева Альфира Илиясовна;
  102. Мамбеткулов Максатбек Назиржанович;
  103. Жолдошбаев Камчыбек;
  104. Олжобаев Баатырбек Бактыбекович;
  105. Зикиров Жусупбек Камчыбекович;
  106. Исмаилов Муратбек Кубанычбекович;
  107. Мукарамов Асылбек Турабаевич;
  108. Орозбаев Айбек Маматович;
  109. Орозбаев Айбек Маматович;
  110. Жапаров Талантбек Рысбекович;
  111. Дунканаев Айбек Медетбекович;
  112. Садалиев Улан Шейшенбекович;
  113. Саипов Бактыбек Саипович;
  114. Нурбаев Бакытбек Токтогулович;
  115. Кожиев Мирбек Дуйшенбекович;
  116. Оморов Чынгыз Ашырбаевич;
  117. Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович;
  118. Молдоташев Ишенбай Курманович;
  119. Дуйшеналиев Болотбек Согушбекович;
  120. Бекир бакытбек;
  121. Мамаев Замирбек Далилович;
  122. Шамшидин уулу Абдулхамид;
  123. Исеналиев Эмирбек Аскеевич;
  124. Алимбеков Нурбек Каарыевич;
  125. Карабаев Манасбек Токтогулович;
  126. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич;
  127. Жакеев Алмазбек А;
  128. Чомонов Манас Алишерович;
  129. Орозбаев Таалайбек Айтбаевич;
  130. Рысбаев Равшанбек Рысбаевич;
  131. Туратбек Мадылбеков;
  132. Жээнбаев Осконбай Сатыбаевич;
  133. Ниязалиева Дамира Абасконовна;
  134. Кунакунов Максат Касымжанович;
  135. Койчуменов Мээримбек Нурбекович;
  136. Тоотаев Улукмырза Абдилашимович;
  137. Мирлан Самыйкожо;
  138. Руслан Ташиев;
  139. Абдылдаев Сооронбай Эргешович;
  140. Абылкасым уулу Канатбек (онлайн);
  141. Назарбаев Абдунаби Салыевич (онлайн);
  142. Жолболдуев Памирбек Бакыевич;
  143. Аманкулов Эмир Эркинбекович;
  144. Арзибаев Бекболот Осконбаевич;
  145. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич;
  146. Аманкулов Эмир Эркинбекович;
  147. Арзибаев Бекболот Осконбаевич;
  148. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич;
  149. Абдыш Токторов;
  150. Примов Улан Бердибаевич;
  151. Айтакунов Бактыбек Кубатович;
  152. Назарбеков Мирлан Рысбекович;
  153. Абдылдаев Таалайбек Дюшекеевич;
  154. Самидинов Кумарбек Манапбаевич;
  155. Ажыбеков Бактыгул Ажыбекович;
  156. Жороев Исманали Эгембердиевич;
  157. Келдибаев Төлөгөн Кыязович;
  158. Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич;
  159. Эргешов Толкун Турдукулович (онлайн);
  160. Матсаков Кадырбек Мусаевич (онлайн);
  161. Тешебаев Акимбай Сатылганович (онлайн);
  162. Эгембердиев Омурбек Калыбекович (онлайн);
  163. Максутов Мурсалим Султаналиевич (онлайн);
  164. Атамбаев Сейитбек Алмазбекович;
  165. Таштанкулов Касым Абдусаматович;
  166. Бакыев Улукбек Хаджимуканович;
  167. Абдувалиев Зарылбек Рубенович;
  168. Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич;
  169. Мамасыдыков Кумарбек Канболотович;
  170. Карашев Аалы Азимович;
  171. Керимкулов Нурлан Бейшенбекович;
  172. Аспек уулу Азамат;
  173. Абдыразаков Нурсултан Эркинбекович;
  174. Рыскулбек уулу Нурмат;
  175. Бакиров Өмүрбек Мирзаимович;
  176. Каниметов Адыл Жанкорозович;
  177. Акылбеков Русланбек Акылбекович;
  178. Акматов Айданбек Акматович;
  179. Жолдошов Беки Кадырбердиевич;
  180. Жапанов Аттокур Асаналиевич;
  181. Салымбаев Чынгыз Жусупович (онлайн);
  182. Миркадыров Мухтар Мирсалиевич (онлайн);
  183. Сыргабаев Замирбек Самаматович (онлайн);
  184. Нурбаев Жалолидин Паязидиноич;
  185. Абдрахманов Азамат Абдилазизович (онлайн);
  186. Омолдошова Айжан Рыскуловна;
  187. Касымов Нурлан Орозалиевич;
  188. Коргонбай уулу Жусупбек;
  189. Калыков Улугбек Абдисатарович;
  190. Зулпуев Абдивап Момунович;
  191. Чойбеков Бактыбек Каныбекович;
  192. Иманкулов Талай Маданбекович;
  193. Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович;
  194. Жаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич.

ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарымынын чегинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышпаган жарандарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.
2021-жылдын 9 айында Өкүлчүлүккө Россия Федерациясында дайынсыз жоголгон 64 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүү тууралуу кайрылышкан.
Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында кыргыз жарандарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 57 жаран аныкталган, анын ичинде 47 жаран бул жылы, 10 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.
Быйыл изделип жаткандардын ичинен 4 жарандын жансыз денеси киши колдуу болуп өлгөн белгилери жок өлүкканадан табылган, 1 жарандын өздүгү таанылган эмес, ал боюнча туугандык мамилесин тастыктоо боюнча экспертизасынын (ДНК) натыйжасында таанылып, учурда процессуалдык текшерүү жүргүзүлүүдө.
1 жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн табылган, 8 жаран эркинен ажыратылган жерлерден аныкталган.
Өткөн жылдардан бери изделип жаткан 5 жарандын жансыз денеси өлүкканадан киши колдуу болуп өлгөн белгилери жок табылса, 1 жаран эркинен ажыратылган жерден табылган. 4 жарандын туугандары менен байланышпай, үй-жайсыз калышканы аныкталган.
Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөр менен биргеликте дайынсыз жоголгон дагы 7 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган чараларды көрүүдө. Анын ичинен 3 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 4 жаран изделүүдө.
Дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн көп эмгек талап кылынат. Дайынсыз жоголуунун бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдын акыркы жолу жүргөн жерине текшерүү жүргүзүү зарыл.
Дайынсыз жоголгон адамды акыркы жолу көргөндөр сууралып, эмне болгонун түшүндүрө ала турган күбөлөр суралат, дайынсыз жоголгон адам кандай жолдор менен басып өтүшү мүмкүн болгон жолдор видеокамералар аркылуу изилденет.
Жарандардын дайынсыз жоголуусунун себептери менен жагдайлары ар дайым көңүл чордонунда болгон. Мындай иштерди иликтөөдө жаралган оорчулуктун себептеринин бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: жарандардын өз убагында кайрылбоосу, жашаган жерин тез-тезден алмаштыруусу, өз укуктарын түшүндүрүү боюнча кыйынчылыктар, айрымдар кармалып калгандыгын айтууну каалабаган же корккон жарандар бар.
Кээ бирлери үй-бүлөсүн багуу үчүн тапкан акчасын жөнөтүүнү талап кылган туугандарынын айынан байланыштарын үзүп коюшат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жогоруда аталган дайынсыз жоголгон адамдар боюнча +7 (926) 890-87-00 телефону аркылуу ишеним телефонуна маалымат берүүнү суранат. (WhatsApp).

ИИМдин басма сөз кызматы