Home Blog Page 1807

Алмазбек Атамбаев шайлоого катышуудан баш тартты

Бул туурасында Темирлан Султанбеков Фейсбук баракчасына жазды. Атамбаевдин пикиринде эгер ал шайлоого катыша турган болсо, анда ал бийликти тартып алууга барабар деген пикирде.

“Алмазбек Атамбаев кайра бийликке келе турган ою да жок. Болгону ал азыркы бийликке жардам гана берип жатат жана бермекчи. Бир жылдан бери учурдагы бийликке тураа эмес кадам таштабоого жана башка маселелерде кеп-кенештерин айтууда. Ошондой эле ал, Кыргызстандын мурдагы абалга кайтып келүүсүн максат кылат”, дейт Султанбеков.

Ал кошумчалагандай, Атамбаев партиянын ишенм адамдарынын бири болуп кала бермекчи, ал эми анын уулу Кадыр Атамбаев депутаттыкка “Социал-Ддемократтар” партиясынын атынан биринчи орунда турат.

Президентти сындаган Нурэлес Үмөталиев УКМКга чакыртылды

Фейсбуктун колдонуучусу Нурэлес Үмөталиевге карата УКМК бийликти күч менен басып алууга чакырык боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

“Бүгүн ал УКМКнын тергөө бөлүмүндө сурак берди.

«Мага социалдык тармакта жарыяланган видео кайрылуумда бийликти басып алууга чакырык таштаганымды айтышты. Мен ушул жылдын апрель жана июнь айларында жарыяланган материалдарды жайгаштыргам. Бирок кийинчерээк ал баракчам блокко кирди. Мен андан кийин азык -түлүктүн кымбатташын, жарандардын жаңы өкмөттүн аракеттерине нааразычылыгын айтып, Садыр Жапаровду убадаларды аткарбагандыгы үчүн сындадым. Бийликти басып алуу тууралуу эч кандай сөз болгон жок. УКМК мага экспертизанын жыйынтыгы чыгарылганын айтып, мага адвокат табууну кеңеш кылды », – деди Нурэлес Үмөталиев.

Нурелэс Үмөталиев 21 жашта. Ал жумушсуз. «Мен эч бир партиянын мүчөсү эмесмин, ал тургай активист да эмесмин, позициясын ачык айткан жөнөкөй жаранмын. 2020 -жылдын октябрында мен аянтта болдум, мыйзамсыз парламенттик шайлоого каршы чыктым », – деди ал.

Раимбек Матраимовго арналган клип кызуу талкууда

YouTube video

Коомчулукта “Раим миллион” деген каймана атка конгон Раим Матраимовго карата ыр чыкты. Анын аталышы “Раим досум”, ал эми автору Дамир Токтосунов. Клипте Токтосунов Раимбек Матраимовду мактап, жоомарттыгын белгилеп, элге жардам бергендигин айтат.

Коомчулук бул клипти ар кандай кабыл алууда. Айрымдары кескин сындап жатышат.

Садыр Жапаров кеңешмесинде видеокайрылуу аркылуу сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, БУУнун эгидасынын алдында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын тараптарынын он бешинчи кеңешмесинде (КС-15) видеокайрылуу аркылуу сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын сөзүн толук келтиребиз:

“Урматтуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы

Си Цзиньпин!

Урматтуу БУУнун Башкы катчысы

Антонио Гутерриш!

Урматтуу делегация башчылары!

БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын тараптарынын он бешинчи сессиясынын бардык катышуучуларына салам жолдойм.

Урматтуу КЭР төрагасы Си Цзиньпинге эл аралык маанидеги мындай иш-чарага чакыруусу үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргыз Республикасы БУУнун биологиялык түрдүүлүк жөнүндө Ковенциясынын максаттарын жактайт жана планетабыздагы биоартүрдүүлүктү сактоонун маанилүү маселелерин чечүү максатында Куньминде өткөрүлгөн кезектеги сессияны колдойт.

Биздин жолугушуу эл аралык окуя – БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын алдында өтүп жатканы өтө маанилүү. Анткени, дал ушул кубулуш Жердин флора жана фаунасынын кыйроосунун негизги күнөөкөрлөрүнүн бири болуп калды. Климаттын өзгөрүүсү боюнча өзүбүздүн көз карышыбызды биз сөзсүз Глазгодо билдиребиз.

Отуз жыл бою туруктуу өнүгүүнүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринин көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргызстан эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү жылдыруучусу болуп келүүдө.

Буга байланыштуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жетимиш алтынчы сессиясынын жалпы дебаттарында мен 2022-жылды – Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо, тоолуу региондордун туруктуу өнүгүүсү боюнча беш жылдык программаны бекитүү жана 2027-жылы «Бишкек + Жыйырма беш» Глобалдык саммитин өткөрүүнү демилгеледим.

Урматтуу делегация башчылары,

Климаттын өзгөрүшүнүн улуу Тянь-Шань менен Памирдин экосистемасына тийгизген терс таасирин биз күн өткөн сайын көбүрөөк сезип жатабыз.

Бул себептен улам, кызыкдар мамлекеттер менен бирге иштешип, тоонун биотүрдүүлүгүн коргоо үчүн адаптациялоо чараларын көрүп жатабыз. Ак илбирс асыл жаныбарларынын тукумунун жок болуп кетишине жол бербөө ийгиликтүү эл аралык демилге болуп саналат.

Эске салсам, өлкөбүз 2013 жана 2017-жылдары ак илбирсти жана анын тоо экосистемасын сактоо боюнча дүйнөлүк форумдарды өткөргөн. Жакында БУУнун Башкы ассамблеясы биздин демилгени колдоп, «Табият чек араны билбейт…» аталышындагы резолюцияны кабыл алды. Анда ошондой эле БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясын натыйжалуу аткаруу үчүн көп тараптуу кызматташуунун мааниси белгиленген.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Кыргызстанда сүт эмүүчүлөрдүн он беш түрү, канаттуулардын жыйырма алты түрү, курт-кумурскалардын жүз элүүгө жакын түрү жана башка омурткасыздардын отуздан ашык түрү жок болуу коркунучунда турат.

Өлкөнүн кызыл китебине кирген көптөгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөр үчүн Биздин өлкөдө өзгөчө жаратылыш аймактарын коргоого жана тоо токойлорунун көбөйүшүнө артыкчылыктуу көңүл бөлүнөт.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык, БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын алкагында биз корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Биз ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун алдында тоо токойлору боюнча атайын максаттуу программаны иштеп чыгууну жана кабыл алууну колдойбуз.

Буга байланыштуу мен БУУга мүчө-мамлекеттерге жана БУУнун Башкы катчысына Кыргызстандын жогоруда айтылган эл аралык демилгелерин колдоо өтүнүчү менен кайрылам.

Урматтуу катышуучулар,

Мен көңүлүңүздөрдү адамдардын ишмердүүлүгүнүн жаратылышка, ресурстарга жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген зыяндуу таасирине бургум келет.

Чет өлкөлүк инвесторлордун абийирсиз ишинин натыйжасында биздин тоолорубуз менен дарыяларыбыздын флорасы менен фаунасынын байлыгына доо кетирген кылымдык мөңгүлөрдүн талкаланышына өзүнчө токтолуу керек.

Биз биргеликте мындай бизнес-практикаларга каршы турушубуз керек.

Сөзүмдүн аягында, Кыргызстан ачык жана активдүү эл аралык кызматташууга даяр экенин белгилегим келет, анткени биргелешкен аракеттер менен гана биз жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калабыз жана курчап турган чөйрөдөгү гармонияда каалаган туруктуу өнүгүүгө жетише алабыз.

Көңүл бурганыңыздарга ыраазычылык билдирем”.

Талас шаардык милициясы ИИОнун ардагерине жардам беришти

Талас ШИИБнин начальниги Асрол Тантиев жетектеген өздүк курамы менен ИИОнун ардагери милициянын отставкадагы прапорщиги Бейшенов Сабырбек агабызга атайын кам көрүү максатында материалдык жактан, тактап айтканда акчалай жардам көрсөтүшүп жана кышкыга үйүн жылытууга бир тонна көмүр алып тапшырып келишти. Бейшенов Сабырбек агабыз өмүр бою милицияда кызмат кылып ак эмгегин өтөп келген. Учурда ал 80 жаш куракта. Талас ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Асрол Тантиев ардактуу карыянын ал акыбалын сурап дагы көп өмүр сүрүп, милицияга жана азыркы коомго акылман насаатчы болуп жүрүшинө тилектештигин билдирди. Сабырбек атабыз милиция кызматерлерин көрүп, кубанычында чек жок. “Формачандарды көрсөм жүрөгүм жылыйт, жаштыгымды эстеп жашара түшөм”-деп бир далай башынан өткөн окуяларын, кылмыштарды ачканын жана ошол мезгилдеги иштеген учурларын айтып абдан кызыктуу маек куруп берди. Сөзүнүн аягында Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жана жетекчисине ыразычылыгын билдирип, эл жерде тынчтык болуусун анын арасында милициянын кадыр-баркы жогорулап, элдин алкышын алуусун тилек кылып ак батасын берип жакшы маанайда узатты.
Талас ОИИБнин басма-сөз кызматы

Абышканы тебелеп, качып кеткен айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунда эркек кишини унаа сүзүп кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн,12-октябрда ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, окуя 11-октябрь күнү болжол менен саат 19:06 чамасында Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында болгон.

  • «Шапак айылынын 72 жаштагы тургуну мас абалда жолдун ортосуна отуруп алган. Аны «Хендай» унаасы сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Ысык-Көл ЖКККБнын кызматкерлери «Хендайдын» айдоочусун кармашты. Ал Шахта-Жыргалаң айылынын 36 жаштагы жашоочусу Б.Д. экени белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Окуя КЖБРга Жазык кодексинин 297-беренеси (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен катталды.

Түрмөгө баңгизаттарды ташуу фактысы боюнча соттолгон адамдар менен алардын шериги кармалды

ИИМ: Түрмөгө баңгизаттарды ташуу фактысы боюнча соттолгон адамдар менен алардын шериги кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери ЖАМКтын тергөө жана ыкчам башкармалыктары менен биргеликте ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында эркинен ажыратылган жерге баңгизаттарды ташуу менен байланышкан кылмыштын бетин ачышты. Иш-чаранын жыйынтыгы менен өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташууга соттолгондордун дагы тиешеси бардыгы аныкталды.
ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча 2021-жылдын мартында болжол менен таңкы саат 04:00до белгисиз адамдар ЖАМКтын №1 мекемесинин аймагына баңгизатты ыргытып кетишкен. Бирок баңгизат салынган баштык көздөгөн жерине түшпөй, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан табылып алынган.
Түзөтүү мекемесинин аймагындагы окуя болгон жерден өзгөчө жыты бар баңгизат салынган 10 литрлик желим канистр, 5 литрлик бөтөлкө табылган. Экспертизанын корутундусу боюнча 1,868 килограмм марихуана жана 42,072 грамм гашиш экендиги аныкталган.
ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери ЖАМКтын тергөө жана ыкчам башкармалыктары менен биргеликте баңгизатты түрмөгө алып кирүүнү көздөгөн соттолгондорду аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Мындан аркы тергөө амалдары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен жүргүзүлө баштап, ИИМдин жана ЖАМКтын кызматкерлери соттолгондордун арасындагы шектүүлөрдүн изине түшүшкөн.
Шектүүлөрдүн бири жаран К.Э. ЖАМКтын №1 мекемесинде жазасын өтөп жатат. ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран К.Э. башка соттолгон адамдар менен сүйлөшүп алып, андан соң алар шериктери менен байланышып, баңгизаттарды ташуу жөнүндө макулдашышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде жаран К.Э.ге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери соттолгондордун шериктерин кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде 2021-жылдын июнь айында ЖАМКтын мекемесинин бирине баңгизаттарды ташыган жаран Т.М. кармалган. Аламүдүн райондук сотунун токтому менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Министрлер кабинетине кимдер келээри айтылды

Садыр Жапаров кечээ, 11-октябрда Министрлер кабинети тууралуу мыйзамга кол койгон.

 Bulak.kg редакциясына ишеним булактардын билдиришинче, мыйзам чыгаруу комитети 12-октябрда Министрлер кабинетинин курамын бекитет.

Министрлер кабинетинде өзгөрүүлөр болууда, анын төрагасын алмаштыруу маселеси буга чейин эле чечилген. Улукбек Мариповдун ордуна министрлер кабинетин азыркы экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жетектейт Акылбек Жапаров. Ал эми УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев учурдагы кызматында эле калып, ошону менен бирге коопсуздук боюнча вице-премьер-министр кызматын аркалайт.

Министрлер кабинетинин орун басарлары болуп Арзыбек Кожошев жана Азис Аалиев ээлемекчи.

Ишембиликте болжол менен 3 миң тонна таштанды тазаланды

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда өткөн ишембиликте болжол менен 3 миң тонна таштанды тазаланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Эко Деми” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, 18-сентябрда дүйнө жүзү боюнча 191 өлкөдө ишембилик өттү.

“Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер жана ыктыярчылар катышты. Кыргызстан калкынын санын эске алганда дүйнө жүзү боюнча ишембиликке катышкандардын саны боюнча биринчи орунду алды. Үч жылдан бери алдыңкы орунду ээлеп келет. Алсак, өлкө боюнча ишембиликке жалпы 513 миң 505 адам катышты. Бизден кийинки орунду Италия, АКШ жана Индонезия өлкөлөрү алды. Облустар боюнча Ысык-Көл облусунда 46 миң 815 адам, Баткенде 43 миң 551, Нарында 27 миң 412, Жалал-Абад облусунда 114 миң 200, Таласта 25 миң 190, Чүйдө 91 миң 648, Ошто 121 миң 846, Бишкекте 42 миң 836 адам тазалоо иштерине катышты”, – дейт ал.

Чыныбаева чогултулган 3 миң тонна таштандынын 89 тоннасы кайра иштетүүгө кеткенин белгиледи.

Баткенде окуучулар сыртта билим алышууда

Баткенде мектепке жылуулук берилбей окуучулар эшикте окуп жатышат. Бул тууралуу маалымат интернет тармагына жарыяланды.

Анда мугалим класстар суук болгондуктан сабакты эшикте өтүүгө мажбур болуп жатканын айткан.