Home Blog Page 1802

Марлен Маматалиев кесиптеши Дастан Бекешевге мурдагыларын эстетти

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев кесиптеши Дастан Бекешевдин Акылбек Жапаров тууралуу айтканына нааразы болду.

«Дастан, иним, кыргызда жакшы сөз бар: «Ичкен кудугуңа түкүрбө» деген. 2007-жылы Акылбек Үсөнбекович менен Каржы министрлигине келгенде, министрликтин кандай болгонун билесиң. Анан кандай кылып өнүктүргөнүн жакшы билесиң.

Андан сырткары, айтпай турган нерсени айттырып жатасың, Акылбек Үсөнбекович сен үчүн айлыкты көбүрөөк алсын деп министрликте бөлүм ачып берген. Андан сырткары, 2010-жылы «Ар-Намыс» менен шайлоого бара жатканда тизменин үстүндө болчусуң. Бир аксакалды кетирип, сени депутат кылган. Албетте бул Кудайдын буйругу менен, бирок себепчи болгон. Ошондуктан Дастан, мага, Акылбек Үсөнбековичке көп тийишесиң. Шайлоонун алдында ар нерсе боло берет. Бирок иним, ошолорду унутпачы», – деди Маматалиев.

Дастан Бекешев унутпаганын жана унутпай турганын айтты.

«Ошол үчүн колдоп жатам. Бирок кээ бир мыйзамдарды, идеяларды колдобойм. Ошону айтып жаткам. Катуу айтсам кечирип койгула», – деди Бекешев.

Киши колдуу болгон кыргыз келинин кайнатасы кармалды

Түркиянын Текирдаг шаарындагы Кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, анын кайнатасы кармалды жана бул элчиликтин жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Элчилик азыркы учурда Текирдаг шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз жаранынын өлүмүнө шектелип, Түркиянын жараны Ф.А. кармалгандыгын жана башка тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын билдирет“, – деп жазылат маалыматта.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.

Буга чейин Түркияда кыргыз келини мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү маалым болгон.

БШКда эл топтолуп, арыздар тапшырылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында тыгылыш. Анткени, бүгүн 18:00 гө чейин бир мандаттуу округдан шайлоого аттанчулардын арыз тапшыры керек.

13-октябрь 18:00 дө Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан шайлоого катышууну каалаган жарандарга укук берүүсү аяктады.

Аталган мекеменин расмий сайтында  жазылган маалымат боюнча, 36 округдан бардыгы болуп, 308 жаран бир мандаттуу округ менен шайлоого катышууга ниетин билдирген.

Азырынча БШК жалпы санын ачыкка чыгара элек.

https://t.me/reporter_kyrgyzcha/2911

Партиялар добуш сатып алууну токтотсоңуздар, админресурсту колдонбоону токтотом, – Садыр Жапаров

Министрлер кабинетинин жаңы курамы Жогорку Кеңештин трибунасынан ант бергенден кийин президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

Ал Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн куттуктап, кызматтарын так жана мамлекттин кызыкчылыгын жогору коюп иштөөгө чыкырды.

Президент алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрүү керектигин белгиледи.

“Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, администрациялык ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет. 21-октябрь күнү ушул темада республикалык кеңешме өткөргөнү турам. Ага айыл өкмөт башчыларынан тарта министрлер кабинетинин төрагасына чейинки бардык жетекчилер катышат. Чакырылгандардын арасында депутаттар, шайлоого катышып жаткан партия башчылары дагы бар. Анда шайлоону таза жана так өткөрүү үчүн мамлекеттик структуралык жетекчилерге катуу тапшырма берем”, – деди өлкө башчысы.

Президент Жапаров кайсы бир мамкызматкер партия же талапкерге иштеп жүргөнү аныкталса, кызматтан кетүү менен бирге жазага тартыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

“Эл Үмүтү” социал – саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси бекитилди


Бүгүн Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан «Эл Үмүтү” социал – саясий партиясы аймактардагы өкүлдөрүнүн жана коомдук-саясий ишмерлердин катышуусунда партиянын курултайын өткөрүп, анда өзүнүн программасын жана талапкерлердин тизмесин мыйзам талап кылгандай, жашыруун добуш берүү менен бекитти.
​“Эл Үмүтү” социал – саясий партиясы бул сапар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди өзгөчө ыкма менен тандады. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачык онлайн праймериз жарыяланып, анда 25 жаштан 45 жашка чейинки жогорку билимдүү, коррупцияга аралашпаган, коомго жана өлкөгө пайдалуу иш жасаган жарандар primarieskg.org сайтына анкета толтуруп, өздөрүнүн талапкерлигин аталган сайттын колдонуучуларынын талкуусуна коюшкан. Жыйынтыгында, онлайн-праймеризге 229 талапкер катышып, ага 5000ден ашуун кыргызстандык добуш берген. Эрежеге ылайык эң көп добуш топтогон алдыңкы талапкерлер партиянын тизмесине киргизилсе, калган катышуучулар партияга мүчө катары кабыл алынды. Бул ыкма талапкерлердин таза, калыс тандалышына шарт түзүп берди.
Партия лидери Аскар Алмаз уулу онлайн праймеризге активдүү катышкан кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, партия талапкерлерди аныктоо үчүн жүргүзүлгөн онлайн праймеризде добуштарды көбөйтүүгө умтулган 14 талапкердин тизмеден четтеткенин кошумчалады. Анын себеби бул адамдар одоно ыкмаларды колдонуу менен көбүрөөк добуш топтоого аракеттенишкен. Жаңыча көз караштагы таза жаштар мындай ишке жол беришкен эмес.


Талапкерлердин тизмесин демилгелүү жаштар борборунун төрагасы, “Эл Үмүтү” социал – саясий партиясынын төрагасы Алмаз уулу Аскар жетектеди. Белгилей кетсек, партияга жаш активисттер, дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, спортчулар, пандемия учурунда кыргызстандыктарга жардамга кол сунган волонтерлор кирип, алдыңкы катардагы 10 талапкер төмөндөгүдөй тартип менен тизмеге жайгашты:

  1. Аскар Алмаз уулу
  2. Болот Ибрагимов
  3. Дамирбек Давлянов
  4. Канышай Рыспек кызы
  5. Эртай Исаков
  6. Вячеслав Николаев
  7. Алибек Ташматов
  8. Бактыгүл Аширматова
  9. Тариель Абдыкеримов
  10. Болот Сагынаев
76964991 8385 4802 8e96 60b06ca535ca “эл үмүтү” социал - саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси бекитилди
12f0db46 574f 4f57 bac7 1cf90e88a627 “эл үмүтү” социал - саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси бекитилди
Ce17f18f a203 415e b38e 5663ffc80277 “эл үмүтү” социал - саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси бекитилди

“Мен олигарх эмесмин. Бизнес менен алектенбейм”, – Акылбек Жапаров

Сиз өзүңүздү олигархтардын катарындамын деп эсептейсизби, – деген суроонуу Жогорку Кеңештин депутаты Кемелбек Акылбеков Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровго парламентте берди.

 “Мен олигарх эмесмин. Бизнес менен алектенбейм. Бизнести келинчегим жүргүзөт. Бир да жолу мамлекеттик тендерлерге катышкан эмес. Конфет алып-келип сатчу. Аткезчилик көбөйгөндөн кийин ал бизнесин да токтотту. Азыр алма өстүрөт. 10 жылдын ичинде 1 млрд. 200 млн. сомдон ашык салык төлөдү” – деди  Акылбек Жапаров.

Буга чейин Бишкек шаарындагы “Дамас” мейманканасы Акылбек Жапаровго таандык деген маалыматтар айтылган.

Бакашева, Догоев, Чыныбаева жана Иманалиев кызматтан кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен, мамлекет башчысынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 422 «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылынат:

Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:

— Бакашова Жылдыз Кемеловна — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

— Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;

— Чыныбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

ВИДЕО: Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берди

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн колдоду. Учурда министрлер кабинетинин мүчөлөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант берүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин парламенттин жалпы жыйыныда 87 депутаттын макулдугу менен жаңы курам бекитилген.

YouTube video

Министрлер кабинетинин жаңы курамы төмөнкүчө:

  • Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;
  • Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
  • Финансы министри — Алмаз Бакетаев;
  • Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри — Руслан Казакбаев;
  • Юстиция министри — Аяз Баетов;
  • Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
  • Энергетика министри — Доскул Мырзаев;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
  • Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
  • Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.

Бактыбек Райымкулов чет элдик тыңчыларга катуу чара көрүүнү УКМКнын төрагасынан суранды

ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, чет элдик тыңчыларга катуу чара көрүүнү суранды.

«Качан болбосун бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгын колдогондор өкмөткө тийишип келет. Чет өлкөнүн агенттерине, тыңчыларына катуу чара көрбөсө болбойт. Эң коркунучтуусу ушулар. Гомосексуалдарды, адамды жылаңачтап элге алып чыгып жаткандар да ушулар. Райым Матраимовго окшогон кыргыздын мыкты жигиттерин каралап келишет. Андан көрө ошондой мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди да. Мен сизден ушуну өтүнөм, катуу чара көрүш керек», — деп кайрылды Райымкулов.

Жогорку Кеңеш бүгүн 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселесин карап жатат.

АКШдагы кыргыз жаранынын өлтүрүлүшү: Маркум иштеген компаниянын ээсинин версиясы

АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн Кыргыз жараны иштеген компаниянын ээси Адилет Муратбеков трагедиядан бир нече күн мурун болгон окуяларды өзүнүн версиясы боюнча айтып берди. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Ал каза болгон мекендешибиз компаниянын жүк ташуучу унаасын уурдап кетти деген маалымат чындыкка дал келбестигин жазган.

“Нургазы бизди таштап кеткени абдан өкүнүчтүү. Азыркыга чейин нес абалындамын. Анткени аны менен жакшы мамиледе болгом. Биз абдан ынтымактуу элек, Нургазы мага жакында эле атасы инсульт болгонун жана ал үчүн тынчсызданып жатканын айтып берген. Мен ага инимдей мамиле кылчумун.

Нургазы 31-августта Макс аттуу досум аркылуу биздин компанияга жумушка орношкон. Бул жерде эч кандай төлөнбөгөн акча жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес! Ал бизге башка жүк ташуучу фирмадан келген. Ал наркологиялык тесттен жана фонддук текшерүүдөн өткөн. Баары таза чыккан. Мен Нургазынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам“, – деп жазып калтырган Муратбеков.

Ошондой эле анын айтымында, Нургазы ага 2-октябрда саат 16:00 чамасында жубайы экөө досунун тоюна бара жатканда телефон чалган.

Ишемби күнү, 2-октябрда саат 18:00гө жубайым менен тушоо кесүү тоюна чакырылганбыз. Биз “Петергроф” ресторанына кетип жатканда Нургазы мага чалды.

Видео чалууда ал мени трейлерин буздуң деп олуттуу түрдө айыптады. Ал кимдир-бирөө анын артынан ээрчип жүргөнүн жана телефонун бузууга аракет кылганын айтты. Ага тийишпөөмдү жана өз балдарыма да ага асылбашын айтуумду өтүндү.

Анын үнүнөн ачууланып турганы сезилди. Ал мени менен жолугууну жана эч кайда кетпешимди суранды. Бул сөздөрдү, айыптоолорду угуп түшүнбөй калдым. Алгач мен тамаша деп ойлодум. Анан мен досумдун тоюна бара жатканымды, бошобой каларымды айттым. Ал мени угуп, өзү тойго чакырылбаганы үчүн дагы ачууланды.

Той меники эмес экенин, бирок аны кийинки күнү боло турган тоюма чакыра турганымды билдирдим. Бирок ал бүгүн жолуккусу келсе, ресторанга келсе болорун айттым.

3-октябрда биз өзүбүздүн тоюбузга даярданып жатканбыз. Коноктор “Versailles” ресторанына саат 17:00гө чакырылган. Нургазы саат 18:00дө досу Макс жана анын үй-бүлөсү менен келген. Биз учурашып, ал дагы бир ирет бардыгы жайында, бизге нааразычылыгы жок экенин айтты. Бардыгы жакшы болуп жаткан. Саат 22:00дө мага фотограф кыз келип, Нургазыны көрсөтүп “бул биздин конокпу?” деп сурады. Ал фотоаппаратты тартып алууга аракет кылганын, ашкана персоналы ага каршылык көрсөткөндөн кийин арткы эшик аркылуу качып кеткенин билдирди. Мен аябай ачууланып, ага телефон чалдым.

Нургазы менден кызыктай нерселерди сурады. Ал мага “кыргызсыңбы?” деп суроо берди. Ага “ооба” деп жооп бердим. Андан соң ал мага кыргыздарга тийишпеш керек деп айтты. Ошондой эле ал магы кайсы бир көчөлөрдүн кесилишинен жолуккусу келгенин билдирди. Ал жерге тез арада барышымды, ал күтүп турарын айтты. Мен андан баш тарттым. Анткени конокторум бар болчу. Ага мындан ары иштеше албарыбызды, эртеси күнү кеңсеге келип, трейлерди өткөрүп, келишимди жокко чыгарууну билдирдим. Ал мага “аягына чейин чык” деп трубканы коюп койду.

4-октябрда Нургазыга телефон чалсам албай койду. Кечки саат 17:00дө телефонду алды, мен кайрадан кеңсеге кел, келишимди бузалы десем, “керек болсо, өзүң ID-картадагы дарек боюнча келип, алып кет” деп жооп берди. “Пенсильванияга тийбе”, “кыргыздарга тийбе”, “менин үй-бүлөмө тийбе” деп айтты. Мен мындай боло турган болсо полицияга арыз жазууга аргасыз болом десем, “каалаганыңа жаза бер” деп жооп берди.

Мен полиция кызматын чакыртып, Нургазы менен сүйлөшүп берүүсүн өтүндүм. Нургазыга телефон чалып, полиция менен сүйлөштүрдүм. Ал унчукпай баарын угуп турду.

Мен акырына чейин трейлерди уурдалды деп арыз жазгым келген жок. Бирок кызматкерлер, достор жана полиция кызматы кийин ал үчүн мен жооп берип калышым мүмкүн экенин айтышты. Анын үстүнө трейлерди издөө үчүн расмий арыз жазыш керек болчу. Мен полицияга трейлер табылса, Нургазыга доом жок экенин билдирдим.

5-октябрда эртең менен өзүн Жессика деп тааныштырган полиция кызматкери мага чалып, Нургазы тууралуу сураган. Ал ошондой эле таңкы саат төрттөр чамасында полицияга чалуу болгонун жана жүк ташуучу унаа менен айдоочу (Нургазы) катышкан окуя болгонун айтты.

Аны менен сүйлөшкөндөн кийин мен дароо Нургазынын бардык тааныштарына байланышууга аракет кылдым.

Макстын айтканына караганда, Нургазынын Америкада агасы бар экен, бирок алар байланышпарын айтып Нургазынын таанышы деп Малик аттуу жигиттин номерин берди. Ага чалып агасынын же жеңесинин номерин сурадым. Кийинчерээк Нургазынын жубайы Бегайым байланышка чыкты. Ага Нургазынын көп көйгөйлөрү бар экенин, ага жардам берүү зарыл экендигин айттым. Андан соң агасынын номерин сурадым. Кийин агасы Адилет мага байланышты. Жагдайды айтып бердим. Ал магы полиция участогуна бара жатканын айтты. Бир канча убакыт өткөн соң ал кайра мага чалып, участок жабылып калганын, эртең кайрадан келерин билдирди.

6-октябрда болжол менен саат 08:00дө Адилет мага байланышып, бирок эч нерсе түшүндүрүп бере албай койду. Үнүнөн жаман нерсе болгонун түшүндүм. Полиция кызматкери Жессикага байланышсам, Нургазы эки ирет кол салып, Пенсильваниянын полициясына түшкөн телефон чалуу боюнча 5-октябрда таңкы саат 4тө чакырууга барганын, полиция кызматкерлери аны трактан чыгып, курал-жарагын тапшырууну суранганына карабастан Нургазы полиция унааларын тепселеп өткөнүн, полиция ага ок атканын айтып берди.

7-октябрда окуя болгон жерде башка кыргыздар да болгонун, алар бардыгын видеого тартып алганын билдик.

8-октябрда окуяга күбө болгон Эламан менен байланыштык. Ал Нургазы менен сүйлөшкөнүн жана полиция кызматкерлеринин келген учурун видеого тартып алган экен. Эламандын айтымында, Нургазы ага кол салып, моюнуна бычак кезеген.

Май куюучу жайга келген киши дааратканадан чыгып, Нургазынын көңүлүн өзүнө бурган. Ошол учурда Эламан Нургазыны түрткөн. Нургазы берки кишини кууп, ал өз унаасына жашынууга жетишкен. Нургазы анын алдыңкы айнегин талкалап, анан кайра тракка барып отурган.

Эламан адегенде кеткиси келген, бирок ал дагы кыргыз болгондуктан Нургазы менен сүйлөшүп, жардам бергиси келип, калууну чечкен. Андан соң видеодон көрдүңүздөр“, – деп жазып калтырган Муратбеков.

Мындан тышкары Муратбеков аталган окуя боюнча бардык далилдер бар экендигин кошумчалап өткөн.

Маалымат үчүн:

Эске салсак, 8-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 27 жаштагы Кыргыз жаранына полиция кызматкерлери тарабынан ок чыгарылганы, мындан улам анын каза тапканы тууралуу маалымат тараган.

Андан соң АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлеринин ок чыгаруусунан улам каза тапкан адамдын аты-жөнү такталганы айтылган.