Home Blog Page 1801

Эдил Байсалов: “Бул өкмөт техникалык эмес”

 “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына мамлекетте 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы боюнча, анын иштеп кетиши, Акылбек Жапаровдун амбициялуу пландары, бул өкмөт эмнеси менен айырмалана алат жана алдыга коюлган пландар ишке ашабы деген суроо талкууга коюлду.

Талкууга жаңы куралган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов жана Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Мирлан Жээнчороев катышты.

Эдиль Байсалов маекте мурункудай колу-жолу бош болгон өкмөт болбойт деп ишендирди. “Бүгүн тарыхый дата болуп калды, анткени доор алмашты. Жазында элибиз колдоп берген Конституция иштей баштады. Азыр баарына жоопту бир адам болуп калды. Мурда Жогорку Кенешти карап, “жашабагыр депутат” эмнени айтса ошону кылган заман жок. Алардын айткандарын жалтактап иштеген мезгил кетти. Амбициялуу максаттар жана пландар ишке ашат деп ишендирди. Мурун Конституциялык өкмөт “чимкирик” деп аталган. Саясий жетекчилерге ийгилик каалайм”, – деди Байсалов.

Биз толук кандуу өкмөт, таптаза, кынтыксыз шайлоо уюштурушубуз керек, – деп кошумчалады Байсалов.

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

16-17-октябрда Бишкек шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чара Бишкек мэриясы менен биргеликте уюштурулуп, айыл чарба азыктары дүңүнөн арзан сатылат.

Жарманке өтүүчү даректер:

  • Раззаков көчөсүндө (Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн ортосу);
  • 12-кичи райондогу Жетикашкаева жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

Маалымат үчүн телефондор: (0222) 55-55-21, (0509) 55-21-55, (0995) 21-55-55, (0771) 94-94-99.

УКМК: Ош облусунун Ноокат шаарынын мэри, шаардык кеңешинин депутаты кармалды


КР УКМК Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Ноокат шаарынын жооптуу адамдары кармалды.


Такталган боюнча, 2017-жылдан 2021-жылдын июнун айына чейинки аралыкта, Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 043 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган.


2021-жылдын 13-октябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ноокат шаарынын мэри “Н.Ж.А.” жана мурдагы спикер, азырку учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты “Г.А.М.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БШК: 23 партия талапкерлердин тизмесин бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирген 73 партиянын ичинен 26сы съезд өткөрүп, 23ү талапкерлеринин тизмесин бекитти. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, партиялар каттоодон өтүү үчүн документтерди 18-октябрда саат 18:00гө чейин БШКга өткөрүшү керек.

«“Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Улуттар Биримдиги” партиялары талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн документтерди БШКга тапшырды»,-деп айтылат маалыматта.

Партиялардын тизмеси:

  • “Улуттар Биримдиги” партиясы;
  • “Ишеним” партиясы;
  • “Альянс” партиясы;
  • “Кыргызстандын жашылдар партиясы” партиясы;
  • “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”;
  • “Ата Мекен” партиясы;
  • “Ыйман Нуру” партиясы;
  • “Эл үмүтү социалдык саясий партия”;
  • “Азаттык” партиясы;
  • “Ынтымак” партиясы;
  • “Ак Асаба” партиясы;
  • “Күчтүү регион” партиясы;
  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясы;
  • “Аруузат – Эл Куту” партиясы;
  • “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы;
  • “Мекенчил Эл” партиясы;
  • “ОРДО” партиясы;
  • “Багыт” Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы”
  • “Жашасын Кыргызстан” партиясы;
  • “Улуу-Журт” партиясы;
  • “ЛЕГАЛАЙЗ” партиясы;
  • “Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы”;
  • “Социал-демократтар” партиясы.

Сузакта этке уулангандардын абалы айтылды

Сузак районундагы Бек-Абад айылында жылкынын этине ууланган 106 киши жергиликтүү ооруканага кайрылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын 16сы ооруканага жаткырылган.

«Абалдары канаттандырарлык»,-деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 1964-ж.т. И.Р. үйүндө үстүбүздөгү жылдын 9-октябрь күнү жылкы союп, 10-октябрь күнү небересине той өткөргөн жана тойго келген конокторго 9-октябрь күнү союлган жылкынын эти тартылган. Бул тойго катышкан 100дөн ашуун жаран 2021-жылдын 11-октябрынан тартып дарыгерлерге кайрылышкан.

Террорчулук ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн террорчулукка каршы иш-чаралардын алкагында, террорчулук ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар Кыргыз жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

381665 1 террорчулук ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды

“Тактап айтканда, чет өлкөдө резонанстуу теракты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип 1988-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган М.А. аттуу жарандар Бишкек шаарынан кармалды. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып жатат”, – деп жазылат маалыматта
https://www.super.kg/kabar/news/381665/

Тоодо адашып кеткен индиялык жарандар табылды

Чүй облусунун Кегети айылындагы Көлтөр эс алуучу жайына Индия өлкөсүнүн 10 жараны эс алууга чыгып, жолдон адашып кетишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-октябрь күнү саат 22:30да куткаруучулар жерине чыгып кетишкен.

«Таңкы саат 05:27де индиялык жарандар табылып, аман-эсен тийиштүү кызматкерлерге өткөрүлдү. Абалдары жакшы»,-деп айтылат маалыматта.

Нарын ОИИБи: Карыларга камкордук! Милиция кызматкерлери ИИОнун ардагерин үйлүү кылып, кубанычка бөлөдү

Кечээ, 13-октябрда Нарын ОИИБнин начальниги А.Жумабековдун, ИИМнин отставкадагы ардагери Ш.Мамыровдун жана Нарын ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Кыдыкбаевдин катышуусу менен Ат-Башы районундагы милициянын ардагерине салынган атайын үйдүн ачылышы болду.
Кыргыз Республикасынын ИИОдо көп жылдар боюу эмгектенип кийин ардактуу эс алууга чыккан ИИОнун ардагери милициянын отставкадагы капитаны Турдалы Сулайманов азыркы учурда жардамга муктаж болуп жашай турган жери жок болгондугуна байланыштуу, ага көмөк көрсөтүү максатында 2021-жылдын 3-майында Ат-Башы РИИБнүн кезексиз өткөрүлгөн ыкчам кеңешмесинде чечим чыккан. Бул чечимге ылайык Ат-Башы РИИБнин буга чейин курулуп бүтпөй калган имаратын убактылуу турак жай кылып куруп, кийин Ат-Башы РИИБнүн карамагындагы кызматтык турак жайы кылып калтыруу үчүн буйрук чыгарылган. Бул жерде үй салууга Ат-Башы айылынын жергиликтүү бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты которулуп берилген. Мындан тышкары Ат-Башы районундагы милициянын ардегерлери жана Ат-Башы РИИБнүн кызматкерлери демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүшкөн. Милиция кызматкерлеринин өз күчү менен салынган 2 бөлмөлүү үйдө бүгүнкү күнү ИИОнун ардагери милициянын отставкадагы капитаны Турдалы Сулайманов жашап жатат. Ардагердин жашоосуна кайдигер карабай, жардам берген Ат-Башы районундагы ИИОнун ардегерлерине жана Ат-Башы РИИБнүн кызматкерлерине ак сакал карыябыз терең ыраазычылыгын билдирип келүүдө. Бул жагымдуу саамалыкка себепкер болуп, карыябызды кубанычка бөлөгөн милиция кызматкерлери ИИМдин буйругу менен “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдары, “Кылмыш иликтөөгө 100 жыл” төш белгилери жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
Мындан тышкары ардагерлер Нарын шааарындагы эң алдыңкы мектептердин бири болгон В.Чкалов жана Арыстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептердин мектеп администрациясы, жогорку класстын окуучулары менен жолугушуп, акыл-насааттары менен бөлүшүп, пикир алмашуу болуп, азыркы учурда болуп жаткан жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, суицид фактылары жана эрте никеге туруу боюнча кененирээк маалымат берилип, окуучулар кызыккан суроолорго толугу менен жообу берилип, иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Ошондой эле “Карысы бардын ырысы бар”- дегендей карылардын күнүнө карата Нарын ОИИБнин өздүк курамдын атынан Нарын ОИИБнин ардагерлерине азык-түлүк продуктулары алынып, Нарын ОИИБнин начальниги А.Жумабеков ардагерлердин үйүнө барып жеринен тапшырып, жылуу калоолорун айтып келди.

Whatsapp image 2021 10 14 at 07. 43. 47 нарын оииби: карыларга камкордук! Милиция кызматкерлери иионун ардагерин үйлүү кылып, кубанычка бөлөдү
Whatsapp image 2021 10 14 at 07. 43. 47 2 нарын оииби: карыларга камкордук! Милиция кызматкерлери иионун ардагерин үйлүү кылып, кубанычка бөлөдү

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

Президент ЖЕЭК жыйынына видеоконференция аркылуу катышат

 Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына видеоконференция аркылуу катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бир катар документтерди, алардын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжонууда.

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүүнүн экинчи этабына өтүү маселесин жана евразиялык интеграциянын күн тартибинде турган башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.

ВИДЕО:Мушкер Рафаэль Физиев Кыргызстандын атынан чыкпайт

UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары беттештерде Кыргызстандын атынан чыкканды токтотот жана өлкөдөн үй-бүлөсү менен көчүп кетет. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылууда айтты.

Рафаэль Физиев буга чейин Иракка дааватка барып келген. Мына ушундан кийин анын үй-бүлөсүнө миңдеген коркуткан билдирүүлөр келген. Ошол эле учурда, Физиев үй-бүлөсүнө Муфтият тараптан дагы коркутуулар болуп жатканын айтты.

(32) Мушкер Рафаэль Физиев Кыргызстандын атынан чыкпайт – YouTube
https://youtu.be/BIpr1kSmMUs

YouTube video