
Социалдык тармактарда «Мени «Унаа» мамлекеттик мекемесинин экзаменатору зордуктады» деген кыздын кайрылуусу жарыяланды. Маалыматка караганда, окуя жазында болгон.
«Ал мага эч качан айдоочулук күбөлүк ала албай турганымды айтты. Мен жалынып мага тийбешин суранганда, мындай учур көп эле болорун билдирди. Уялганымдар арыз жазган эмесмин. Эгер менин жакындарым бул тууралуу билсе, жашай албайм. Ал жазасын алышы үчүн ар нерсени ойлонуп жатам»,- деп жазган.
Октябрь райондук милициясы маалымат берип, аталган факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдиришти. Учурда жогоруда айтылган жарандын өздүгү аныкталып жатканын, бул окуя жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин айтышты.






