Бишкекте 70 турак үй жылуулуксуз калган

Бишкек шаарынын мэриясы жылуулуксуз калганын айткан шаар тургунуна жооп берди.

12-декабрда борбор калаанын Жал кичи районунун №70 көп кабаттуу үйүнүн тургуну жылуулуксуз калганын айткан.

«Өткөн жылдагыдай көйгөй жаралды. 1-2-кабатта крандагы суу тоңуп жатат. Балдар менен жашайбыз, бир бөлмөгө жашынып жатабыз. Бизге бир жерде аба туруп калганын айтышты. Бирок 9-кабаттагылар аба чыгарып жатып чарчашты», – деп жазган жашоочу.

Ал эми мэрия насос иштебей калганын белгиледи.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын маалыматы боюнча, насос иштебей калып, 70 турак үй жылуулуксуз калган. Эртең менен ишкананын кызматкерлери насосту иштетип, жылуулук берүү ишин калыбына келтиришти», – дейт мэрия.