
Дүйнөгө белгилүү АКШдагы New York Times гезитинин кызматкерлери 40 жылдан бери биринчи жолу 24 сааттык иш таштоого чыгышты. Профсоюз жана менчик ээлери 2021-жылдын мартында аяктаган келишимдин ордуна жаңы эмгек келишимин түзө албай жатышат.
Журналисттер жетекчиликти сүйлөшүүлөрдү атайылап создуктурду деп айыпташты. Негизги талап – инфляцияга жараша айлык акыны көтөрүү. Мындан тышкары, кызматкерлерди медициналык камсыздандыруу жана пенсия, ошондой эле аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү тынчсыздандырууда.
