Валентина Матвиенко Шакиевди төрага болуп шайланышы менен куттуктады

Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Нурланбек Шакиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоодо Россия менен Кыргызстандын парламенттеринин ортосундагы достукка, өз ара сый-урматка жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга негизделген ишенимдүү алакалар тууралуу айтылды.

“Биз түрдүү эл аралык аянтчаларда, анын ичинен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) алкагында дагы жемиштүү кызматташуунун уланышын көздөйбүз”, – деген Валентина Матвиенко Нурланбек Шакиев менен 27-28-октябрда Самаркандда өтө турган КМШ ПААнын күзгү сессиясында жолугушууга үмүт артарын кошумчалады.