Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы отурумунда бир катар депутаттар Кадамжайда мектеп окуучусу зомбулуктан каза болгон окуяга байланыштуу пикирин билдирип, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдердин жазасын катуулатуу керектигин айтышты.
Депутат Ырысбек Атажанов Ички иштер министрлигинин жетекчилигин парламенттин жыйынына чакырып, алардан Кадамжайдагы окуя боюнча маалымат алууну сунуш кылды.
“Бул улуттук трагедия болуп жатат. Бир эле жолу эмес, жылда болууда. Бүгүн сөзсүз укук тартибин коргоо органдарынын маалыматын уксак ушул окуя боюнча. Чечкиндүү кадамдарга барсак, мыйзамдарды өзгөртүп, педофилдерге өлүм жазасын киргизсек жакшы болот эле”, — деди Атажанов.
ЖКда трибунага чыгып сөз алган депутат Акылбек Түмөнбаев кесиптештеринин айрым пикирлерине кошулуп, жазаны катаалдатууну талап кылды.
«Биз өлүм жазасын киргизбесек, мындай жоосунсуз жоруктар улана берет да. Ошондуктан баардыгыбыз бирдей колдоп, өлүм жазасын киргизели», — деди ал.
Депутат Марлен Маматалиев жазалоо чаралары күчөтүлгөн мыйзам жакында кабыл алынганын, бирок өлүм жазасына Кыргызстандын Конституциясы жол бербей турганын кошумчалады.