Мээрим Жуманазарова алтын медалга ээ болду

Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медал тагынды.

Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күрөштү.  Беттеш айлампа тартибинде өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен утту.

Алгач  индиялык Аржу Аржуну 11:1, экинчи айлампада өзбекстандык Азода Эсбергенованы 10:0, андан соң казакстандык Альбина Кайргелдинованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медал тагынды.

Буга чейин 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы төрт атаандашын утуп, 23 жашка чейинкилер арасында мөөнөтүнөн мурда Азия чемпиону аталган.