Медиа коомчулук эркин басма сөзгө кысым көрсөтүлбөшү керектиги тууралуу билдирүү жасашты

Кыргызстандагы медиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө чакырды.

Алар тоталитардык режимдердин баш көтөртпөй жазалоочу тажрыйбасын эркин басма сөзгө жана айрым журналисттерге карата коркутуу, кысым көрсөтүү максатында колдонбоо керектигин белгилешти.

Бир канча медиа уюмдардын өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдун атынан жазылган билдирүү социалдык түйүндөргө 4-мартта жарыяланды.

“Next TV телеканалына болгон чабуулду Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы катары баалайбыз! Temirov Life, Kaktus Media, Next TV медиаларынын журналисттери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып жаткан күч түзүмдөрүнүн болуп көрбөгөндөй кысымына кабылышты”, – деп айтылат билдирүүдө.