Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында «Айыл чарба кооперативдерин, үрөн жана асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Анда мамлекеттик фонддун эсебиндеги чарба жерлерин ижарага берүү шарттары кыйла өзгөргөн.
Советтер союзу тарап, менчиктештирүү башталганда Кыргызстандагы айдоо-сугат жерлеринин 75 пайызы элге үлүшкө таратылып берилген. Ал эми 25 пайызды түзгөн 276 580 гектар жер мамлекеттин фондунда, тагыраагы айыл өкмөттөрүнүн балансында калган. Мына ушул чарба жерлеринен учурда өлкөнүн булуң-бурчундагы дыйкандар ижарага жер алышып, күнүн көрүп келет. Эми жаңы токтомго ылайык 277 миң гектарга чамалаган бул жердин 75 пайызы үрөн жана асыл тукум мал жандыктарын өндүргөн кооперативдерге берилери белгилүү болду. Бул кабар чыгары менен өлкөдөгү дыйкандар ачык нааразычылыктарын айтып, жеринен ажырап каларын белгилешүүдө. Бирок айыл чарба министрлиги бул чечим үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн кабыл алынганын айтып жатат.
Айыл чарбанын экс-министри Тилек Токтогазиевдин айтымында бул токтом коррупциялык схемаларга жол ачат. Үрөн жана асыл тукум мал өндүргөн чарбанын статусун алууда жана комиссия жерди бөлүштүрө келгенде накта коррупция башталат. Ошондой эле Кыргызстандагы 400 миң дыйкандын ичинен кеминде 100 миңи 207 миң гектар жерди пайдаланып иштеп келет. Мыйзам долбоору ишке кирип кала турган болсо далай дыйкандар жумушсуз калып, чоң тополоңго алып келиши мүмкүн.
“Жерди аукционго коюу ачык жана электрондук форматта өтүшү керек. Каалаган адам бир сайт аркылуу кирип жыйынтыктар кандай жүрүп жатканын көрө ала тургандай болушу шарт. Ушул күнгө чейин аукцион иштери жабык жүрүп, коррупциялык иштер катталып жатат. Бул токтомду сунуштап жаткан айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдо өзүнүн жеке кызыкчылыгы да болушу ыктымал. Анткени анын үрөн жана асыл тукум мал чарбалары бар”, – деди Тилек Токтогазиев.