“Кырчын” капчыгайында туристтик милиция кандай иштеп жатат?

«Кырчын» капчыгайы – чет мамлекеттик туристтердин гана эмес, республикабыздын башка облустарынан келген эс алуучулардын эӊ бир сүйүктүү жерлердин бири болуп саналат. Капчыгайдын узундугу болжол менен 30 километрди түзөт. Капчыгайдын түбүнөн «Ак-Суу» тунук мөңгүлүү суусу агат, ал эми боорунда болсо улуу тяншань карагайлары өсөт. «Кырчын» капчыгайы көчмөндөрдүн жашоо образын кайра жаратуу үчүн өзгөчө аймак. Анткени, «Кырчын» капчыгайы – бул Кыргызстандын жаратылышынын кооздугунун үлгүсү.


Чет өлкөлүк жарандарда ар кандай маселелер көп кездешет, ал эми аларды башка мамлекеттин аймагында өз алдынча чечүү кээде оңойго турбайт. Ошондуктан, көз жоосун алган бул аймака, күн сайын чет өлкөлүктөр гана эмес, башка облустардан да эс алуучулар келип тургандыктан, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын каттамдары уюштурулган.


Алар, милициянын башка кызматынан чет тилдерди мыкты өздөштүрө алгандыгы менен айырмаланат. Чет элдиктер менен тил табышуу, алардын негизги кызматтык милдети болуп саналат.

Бул үчүн, аталган кызматтын милиция кызматкерлери күн сайын чет тилдер курстарына катышып турушат. Англис тилин билүү, ар бир кызматкер милдеттүү, башка тилдерди өздөштүрүү өздөрүнүн эркине жараша болот. Бул кызматтын кызматкерлери француз, испан, немис, ал тургай кытай тилдерин да өздөштүрүүгө далалат кылышат.

YouTube video
2a88278c dbed 4e31 aed8 fc085d3cfd66 "Кырчын" капчыгайында туристтик милиция кандай иштеп жатат?
f882f108 4eda 4a1d bf68 197b93ff85b9 "Кырчын" капчыгайында туристтик милиция кандай иштеп жатат?
c2d4db13 ac12 4c4b 9b23 83d2e8cbe122 "Кырчын" капчыгайында туристтик милиция кандай иштеп жатат?
17b86871 d399 4c2d a057 b70b43da783c "Кырчын" капчыгайында туристтик милиция кандай иштеп жатат?